Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Cузакта « Жыл мугалими-2015» кароо сынагы жыйынтыкталды

Сузак райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюздун райондук комитети тарабынан «2015-жыл Улуттук экономиканы чыӊдоо» жылына карата мугалимдердин кароо сынагы 9-11 апрель күндөрү  уюштурулду. Кароо сынак үч күнгө созулуп анда 18 мугалим күч сынашты. Бул салтанаттуу иш чарага Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Н.С.Мурзахмедов катышып конкурстун катышуучуларына жалпы 94000 сомдук белек тапшырды. Ал эми профсоюздун райондук комитети тарабынан 40000 сомдук баалуу белектер менен кошо жайында бардык катышуучуларды 8000сомдон (144000) сомдук жолдомо менен  Көгүлтүр Ысык Көлгө бир жумалык эс алууну уюштуруу жагы чечилди. Конкурстун жыйынтыгында «Жеӊүүчү» деп райондогу Т.Каипов атындагы орто мектептин тарых мугалими Жолдошбаева Т.  табылып областтык турга жолдомо алды.