Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Тармактын профактивдерине жардам

Тармактын профактивдерине жардам.

 

1.01.2013-жылга крката Республиканын  билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысына кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн жана үстөктөрдүн тизмеси.

 

1. Кошумча төлөмдөр.

 

1.1. Кесиптерди жана кызмат орундарды айкалыштыргандыгы эмгек акы (КР ЭК 167-беренеси).

1.2. Өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн (КР Өкмөтүнүн №863 19.12.06 - жыл, №377 27.08.07 жылдагы токтомдору).

1.3. Убактылуу жок кызматкердик милдетин аткаргандагы эмгек акы (КР ЭК 167-беренеси).

1.4. Түнкү убактагы иштегендиги үчүн (КР ЭК 169-беренеси).

1.5. Майрам күндөрдөгү иштегендиги үчүн эмгек акы (КР ЭК 175-беренеси).

1.6. Класс жетекчилик үчүн (Билим берүү уюмдарынын кызматкрлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын 5.2 бөлүгү).

1.7. Насаатчылык (нускаманын 5.2 бөлүгү)

1.8. Мектептик (райондук) усулдук бирикмеге жетекчилик (нускама 5.2 бөлүгү).

1.9. Ийримдик жумуш үчүн (нускаманын 5.2 бөлүгү).

1.10. Чеберчиликти жогорулатуу үчүн (нускаманын 5.2 бөлүгү).

1.11. Мугалимдин сабакка даярдануусу (нускаманын 5.1. бөлүгү).

1.12. Жазуу жүзүндөгү жана лабароториялык иштерди текшерүү (нускаманын 5.1 бөлүгү).

1.13. Класстан тышкаркы дене тарбия иштерин жүргүзүү (КР өкмөтүнүн 30.09.95 жылдагы №404 токтому).

1.14. Башталгыч мектептерде китепканачылык жумуш үчүн (Эскертүү: нускаманын 14-тиркемеси).

1.15. 13кө чейинки класс комплектиси бар орто жана толук эмес орто мектептерге китепканалык иши үчүн (Эскертүү: нускаманын 14 тиркемеси, 1-пункту).

1.16. Айыл жеринде иштегендиги үчүн («нускамнына» 4 бөлүгү).

1.17. Бийик тоолуу аймактарда жана барууга кыйын аймактарда иштегендерге стажы үчүн (КР өкмөтүнүн 23.06.97 ж №377 токтомунун №2 тиркемесине ылайык).

1.18. Бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда иштегендерге жумушу үчүн (КР өкмөтүнүн 23.06.97 ж. №377 токтому).

1.19. Педагогикалык иш стажысы үчүн («Нускама» 2-бөлүктүн 7-пункту)

1.20. Балдар үйүндө (Инструкциянын 4-пункт), ата-энесинин кароосу жок калган, жетим балдар мектеп-интернатында, үй-интернатында иштеген педагогикалык кызматкерлери. («Нускаманын» 4-пункту).

1.21. Балдар үйлөрүндө, атайын мектеп-интернаттарда, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын адистештирилген (реабилитациялык) топторунда иштеген мугалимдердин эмгек акысы. («Нускаманын» эскертүүнүн 2-тиркеменин 3-пункту).

1.22. Ооруканалардын балдар бөлүмүндө, балдар ооруканаларында (клиникаларда) узак мөөнөткө дарыланып жатышкан балдарды жекече жана топто окутуу иштерине байланышкан педагогдорго. (КР Өкмөтүнүн 25.03.2002-ж. №161 токтому).

1.23. Оорусу өнөкөт  болгон балдар (сөөк туберкулезу, полимолит, церибральный паралич, психикалык жана башка оорулар менен ооругандар) менен жекече үйдө иштөө менен байланышкан педагогдор эгерде тиешелүү медициналык жыйынтыгынын негизинде  (КР Өкмөтүнүн №161 25.03.2002ж. Токтомунун типтүү тиркемеси).

1.24. Мектепке чейинки мекемелерде, физикалык жана акыл-эс жагынан кемчилиги бар, өзгөчө шарттарда тарбиялоого жана дарылоого муктаж, анын ичинде туберкулездун кичине жана өчүп бара жаткан формасында, психикалык өсүүсүндө кемчиликтер бар. Өспүрүмдөр жана балдар үчүн мектеп-интернаттарда, ата-энесинин кароосу жок, жетим балдар менен интернаттарында иштеген педагогикалык кесиби жок кызматкерлердин эмгек акысына  (КР өкмөтүнүн 25.03.02 №161 токтомуна өзгөчө шарттарда иштеген кызматкерлерге кошумча төлөөлөр боюнча типтүү тиркеме).

1.25. Химиялык реактивдерди жумушка пайдалангандыгы жана сактагандыгы үчүн (химия мугалими, химия кабинеттин лаборанты).

1.26. Кондитердик печтерде (мештерде) жана электр тамак бышыргычтар (шеф ашпозчу,  ашпозчу).

1.27. Электрондук эсептөө машинада (компьютерде) дисплеямдерде иштегендер (КР Өкмөтүнүн 25.03.02 жылдагы №161 токтому бекитилген типтүү тиркеменин 1,25; 1,26; 1,27 пунктары).

1.28. Айыл жеринде иштеген билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык эмгек акыларына. («Нускаманын» 4-бөлүгү).

1.29. Балдар үйлөрүндө, атайын мектеп-интернаттарда жетекчиге, орун басарларына, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу жетекчилик үчүн (КР Өкмөтүнүн 19.01.11 №18 Токтомунун 7 тиркемесинин эскертүүсүнүн 3- пункту).

 

2.  Үстөктөр.

 

2.1. Айыл жана шаар жеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тили жана адабияты мугалимдердин эмгек акысына.  («Нускаманын» 4-бөлүгүнүн 3-пункту).

2.2. Айыл жеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде орус тили жана адабияты мугалимдердин эмгек акысына.

(Нускаманын» 4-бөлүгүнүн 3-пункту).

2.3. Билим берүү уюмдарында улуттук (национальный) статуска ээ болуп иштегендерге (КР Өкмөтүнүн 24-май 2011-жылдагы №239 токтому).

2.4. Билим берүүдө «Элдик», «Эмгек сиъирген» ардактуу наам алып иштегендерге (КР өкмөтүнүн25-май 2011-жылдагы №240 токтому «Элдик» жана «Эмгек сиъирген» ардактуу наамга төлөнүүчү үстөк).

2.5. Билим берүү уюмдарында «илимдин кандидаты» жана «илимдин доктору» окумуштуулук наамы барларга (КР Өкмөтүнүн 4-июль 2006-жылдагы №492 токтому «Окумуштуулук даражасына кошумча төлөм коюлган»).

2.6. Балдар үйлөрүндө, балдар типтеги аталыштагы мектеп-интернаттарында иштегендерге (КР Президентинин 30-август 2007-жылдагы №390 Указы «Балдарды коргоо жана колдоо»).

2.7. Билим берүү уюмдарында иштеген директорлорго (ректорлорго) жана директорлордун орун басарларына (проректорлоруна) педагогикалык стажысына (Нускаманын» 2-бөлүгүнүн 6-пункту).

2.8. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп интернаттардын улук тарбиячыларынын бир сааттык ишине акы төлөө. (КР Өкмөтүнүн 19.01.11ж. №18 токтомунун 2-тиркемесинин эскертүүсүнүн 4-пункту).

2.9. Мектеп- гимназиялардын (интернат-гимназиялар), мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлер), кесиптик лицейлердин иштеген жетекчилердин, мугалимдердин, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын айлык акысы («Нускаманын» 54-бөлүгү).

2.10. Балдардын психикалык, физикалык жана акыл эс өнүгүүсүндөгү кемчиликтери бар мектепке чейинки мекемелердин директоруна (КР Өкмөтүнүн 25.03.02 №161 токтомунда бекитилген «Өзгөчө шарттарда иштегендердин айлык акысы»).