Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов НТС теле каналына интерьвю берди

28-март күнү НТС  теле каналына  А.Токтогулвич, билим берүү  жана  илим тармагында  иштеп  жаткан  мугалимдердин  жана кыматкерлердин  эмгек  укуктарын коргоо, социалдык-экономикалык  абалын жакшыртууда КР мыйзамдарынын аткарылышын, андан тышкары жамааттык келишимдерде,  макулдашууларда каралган социалдык,  укуктук жактан жакшыртуу боюнча кошумча кепилдиктердин аткарылышына  көзөмөл жүргүзүлүп, аймактардагы  аймактардагы жана ЖОЖ абал боюнча Борбордук комитет текшерүүлөрдү,  мониторингдерди  жүргүзүп турат.

Билим берүү жана илим тармагындагы  мугалимдердин жана илим кызматкерлердин эмгегин жана социалдык-экономикалык жактан коргоо максатында ыңгайлуу  жумушчу орундарды түзүү, зыяндуу шартта иштеген кызматкерлерге кошумча акылардын төлөнүшү, эмгек акыларды жогорулатуу боюнча иштердин аткарылып жаткандыгы боюнча маалымат берди.  

НТС  журналисти кошумча, иш берүүчүлөр катары билим берүү  уюмдарынын жетекчилери  кызматкерлерди мыйзамсыз бошотууда кызматкерлердин укуктары корголобу? деген суроосуна, А.Токтогулович, - укугу бузулган кызматкер ошол эле өзү иштеген билим берүү уюмдун профсоюздук комитетине, райондук, областтык профсоюздук комитеттерге  кайрылышат, же копчүлүк учурларда жогорку орган катары бизге Борбордук комитетке түз кайрылышат, андай учурда укук бузуулардын мыйзамдуулугу  каралып, эгерде бошотууда мыйзам бузуулар болсо кайра ордуна коюлат, же сот аркылуу кызмат орду калыбына келтирилет. Айрым учурларда кызматкерди мыйзамга ылайык бошоткон учурлар дагы кездешет, андай учурда  кызматкерге мыйзамдуу бошотулгандыгы боюнча түшүндүрүлөт.

Кызматкерлердин эмгек укуктарынын бузулушуна, эмгегин коргоо, зыяндуу шартта иштегендерге жакшы шарттардын түзүлүшүнө дайыма көзөмөл жүргүзүлөөрү  тууралуу   толук маалыматтар  берилди.

 

Материалды даярдаган:

Б.М.Кадыркулов