Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ар улут өз эне тилин даңазалады

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Иш чара окуу жайдын ифакультеттер жана жаштар комитети  тарабынан уюштурулуп, ага окуу жай жетекчилиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурунбетов баштаган ар улуттун маданий борборлору жана ОГПИде даярдалган орус, кытай,  жапон, англис жана кыргыз тили адистиктеринин студенттер жана башка өзбек, тажик, түрк  улутундагы студенттер катышты. 

Аталган саамалык эки бөлүктөн болуп, алгач ар улуттун тилин чагылдырган дубал гезиттердин жана аталган улуттардын улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү жайылып, келген коноктор, окутуучулар жана студенттер түрдүү тамак - аштардан жасалган студенттердин чыгармалыгына күбө болушту. Ал эми салтанаттын экинчи бөлүгү  расмий түрдө окуу жайдын чоң залында уланып, мында   ректор Б.Б.Зулуев жана төрага Б.Нурунбетов кечени ачуу менен жалпы катышуучуларды “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” менен куттукташып, иш чарага жигердүү катышкан жана көргөзмөнү даярдаган студенттерге ыраазычылык билдиришти.  Ошону менен бирге улуттардын достугун бекемдөөгө багытталган иш чараларга активдүү катышкан окутуучуларга жана студенттерге ассамблеянын жана институттун ардак грамоталарын тапшырышып өтүштү.

Улуттардын башын бириктирген бул салтанат ар улуттун маданиятын чагылдырган концерттик программа менен коштолуп, студенттер  өз эне тилин жана  үйрөнүп  жаткан тилдерин даңазалоо максатында аталган улуттардын маданиятын, тилин, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырышып, сахналык көрүнүштөрдү, ыр-бийлерди тартуулашты.

Маалымат иретинде бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.  Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда. Илимпоздордун изилдөөсүнө ылайык, эки жумада бирден тил жоголот.

 

 

Материалды даярдаган 

Кубаныч Жылкычы уулу