Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Билим берүү тармагындагы эмгек өргүүлөр

1. Суроо:  Педагогикалык кызматкерлердин эмгек отпускасы азыркы  учурда кайсы документтердин негизинде аныкталат?

Жооп:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.02.07-жылдагы №58 “Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерге жылыга берилүүчү негизги эмгек өргүүсүнүн узактыгы жөнүндө” токтомунун негизинде.
-- 

2. Суроо:  Окутуучуларга, мугалимдерге берилүүчү эмгек өргүүлөргө караганда өзгөчөлөнгөн жактары берилген?
Жооп:  Кызматкерлердин эмгек өргүүлөрү  аракеттеги мыйзамдарга ылайык алардын жумушчу жылына негизделип берилет (календардык жыл менен чаташтырбагыла), бирок билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жана мугалимдерине эмгек өргүүсү окуу жылы үчүн берилет.

--

3. Суроо:  Кайсыл учурларда мугалимдерге (окутуучуларга) эмгек өргүүлөрүнүн узактыгы  56 календардык күн берилет?

Жооп:  Мугалим эгерде жаъы окуу жылынын 1-сентябрынан баштап окуу жылын толук иштеген учурларда гана 56 календардык күн ала алат.

--

4. Суроо:  Бардык кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн узактыгына берилген эмгек акы сакталбаган өргүүнүн канча жумасы таасир этпейт?

Жооп:  Баардыгы болуп эки жума (14 календардык күн) эмгек акы төлөнбөгөн өргүү кызматкерлердин эмгек өргүүсүнүн узактыгына таасир этпейт.

--

5. Суроо:  Жумушка жаъы кабыл алынган кызматкердин эмгек өргүүсү 11 ай өткөндөн кийин берилет. Мугалимдерге (окутуучуларга) ушул талап колдонулабы? 

Жооп:  Жок, колдонулбайт. Мугалимдердин эмгек өргүүлөрү окуу жылынын мөөнөтү боюнча берилет. Мындай учурларда мугалимдин окуу жылдын кайсы айында жумушка кабыл алынгандыгы эч кандай мааниге ээ болбойт.

--

6.  Суроо:  Мугалимдерге (окутуучуларга) эмгек өргүүсү төлөнүп берилеби, эгерде ал коштоп иштөө шартында иштеп жатса?

Жооп:  Ооба, чын эле иштеген айлары үчүн төлөнөт. Мындай эмгек өргүүлөр коштоп иштеген мугалимдерлерге эле эмес бардык кызматкерлерге берилет жана төлөнөт.

--

7. Суроо:  Коштоп иштеген кызмат үчүн кызматкерлерге эмгек өргүүлөр берилеби?

Жооп:  Ооба, коштоп иштеген кызматтарга же жумуштарга эмгек өргүү берилип, акчалай төлөнөт.

--

8.  Суроо:  Эгерде физика мугалими лобаранттык кызматты айкалыштырып иштесе, мындай учурларда ага өргүү берилеби?

Жооп:  56 календардык күн мугалимдиги жана 28 календардык күн лобаранттык кызматты айкалыштырып иштегендиги берилет. Эки өргүү бир мезгилде берилет, бирок өргүүлөрдүн эсептелиши өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

--

9. Суроо: Эгерде мектептин библиотекарына  педагогикалык жүктөм берилсе, мындай учурларда ага кандай төлөнүүчү өргүү берилет?

Жооп:  Библиотекарлык кызматы боюнча орточо эмгек акыдан эмгек өргүүсүнө 28 календардык күн, 56 календардык күн мугалимдик орточо эмгек акыдан төлөнөт. Кызматы боюнча өргүү жана педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча өргүү бир мезгилде берилет. 28 календардык күн эс алгандан кийин библиотекарь жумушка чыгышы керек, анткени анын негизги иштеген кызматы боюнча эмгек өргүүсү бүткөндүгүнө байланыштуу жумушка чыгуусу керек.

--

10. Суроо: Мугалим эмгек өргүүсүн окуу жылынын мезгилинде ала алабы?

Жооп:  Жок, мугалимдерге (окутуучуларга) окуу жылы бүткөндөн кийин, окуучулар үчүн каникул мезгилинде берилет.

--

11. Суроо: Беш күндүк жумушчу күнү менен иштегендердин эмгек өргүүлөрү узактыгы кантип аныкталат?

Жооп:  Эмгек өргүүсүнүн узактыгын эсептөөдө жумушчу күндөр негизинен алты күндүк жумушчу күндү алат. Өргүүнү эсептөөдөгү календардык күнгө дем алыш күндөр кошулуп эсептелинет.

--

12.  Суроо: Эгерде кызматкер 0,25 же 0,5 ставкалык кызматта иштесе, эмгек өргүүлөрдүн узактыгы кандай болот?

Жооп:  Эмгек өргүүлөрдүн узактыгы кызматкердин ошол уюмда жумасына канча күн иштейт, кызматкер толук ставка же 0,5 ставкада иштегендигине көз каранды эмес. 

--

13.  Суроо: Кызматкер жумушчу күндөрүн эгерде жүйөлүү себептерсиз жыл ичинде калтырса эмгек өргүүсүнүн узактыгын төмөндөтүүгө болобу?

Жооп:  Ооба, болот эгерде билим берүү уюмдарынын жамааттык келишимдеринде каралган учурда. Мындай талаптар эгерде кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн узактыгы 28 күндөн ашуун болсо. Эгерде мындай талаптар ички нормативдик документтерде каралбаса эмгек өргүүсүн азайтууну жүргүзүүгө болбойт.

--

14.  Суроо: Эмгек өргүүсүнүн календардык күндөрүнө майрам күндөрүн кошуп эсептөөгө болобу?

Жооп:  Жумуш эмес майрам күндөрүн өргүүдө жүргөн мезгилдеги календардык күндөргө кошулбайт жана акчасы төлөнбөйт.

--

15. Суроо: Эгерде мугалим окуу жылынын ичинде бир нече ай ооруп калган учурда анын эмгек өргүүсү кантип аныкталат?

Жооп:  Жылына берилүүчү эмгек өргүүлөрүнө окуу жылдын бардык мезгилдерин киргизүү укугу берилген. Качан мугалим бир нече ай убактылуу ишке жарамсыз боюнча   баракчасын же боюнда бар жана төрөт боюнча болгон болсо, мындай учурда эмгек өргүүсүнүн узактыгы оорулуу баракчаларынын күндөрү эсепке алынат.

--

16. Суроо: Үч жылга чейин баласын багуу боюнча эмгек акы сакталбаган өргүүдө болгон мезгилдер эмгек өргүүлөрүн аныктоодо жумушчу жыл катары киреби?

Жооп:  Жок, кирбейт эсепке алынбайт.

--

17. Суроо: Эгерде кызматкер үстүбүздөгү жылы кезектеги эмгек өргүүсүн пайдаланган жок, мындай учурда анын өргүүсү жок болуп кетүүсү мүмкүнбү?

Жооп:  Жок, эмгек өргүүсүн бардык учурда алса болот.

--

18. Суроо: Эгерде кызматкер кандайдыр бир себептер менен өзүнүн эмгек өргүүсүн бир нече жыл пайдаланган эмес, мындай учурда эмгек өргүүсүнүн канча жылын бир мезгилде алууга болот?

Жооп:  Акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү жылыга берилиши керек, бирок бир нече жыл пайдаланылбаган өргүүлөр эреже боюнча эки жылдан ашык эмес  өргүү бир мезгилде берилип, ал эми пайдаланылбаган калган жылдардын бардык компенсациялары төлөнүп берилиши керек.

--

19. Суроо: Эмгек өргүүлөр бөлүктөргө бөлүнүп берилиши мүмкүнбү?

Жооп:  Ооба, болот бирок, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Андай болгон учурда өргүүнүн биринчи бөлүгү эки календардык жумадан (14 күн) кем эмес болуусу керек.

--

20. Суроо: Эмгек өргүүнүн күндөрүнүн оордуна акчалай компенсациясын эле алууга болобу?

Жооп:  Он төрт календардык күндөн ашык эмес өргүүнүн бир бөлүгү өткөндөн кийин, кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырууга болот.

--

21. Суроо:  Жумуштан бошоп жатканда кызматкердин пайдаланылбаган эмгек өргүүсүнүн компенсациясын алууга болобу?

Жооп:  Ооба, пайдаланылбаган эмгек өргүүсүнүн бардык жылдар үчүн акчалай компенсациялары төлөнүп берилиши керек. 

--

22. Суроо:  Жумушка жаъы кабыл алынган боюнда бар аял 11 ай өткөнгө чейин  эмгек өргүүсүн ала алабы?

Жооп:  Үзгүлтүксүз 11 ай иштегенге мөөнөтү жетпесе деле акча төлөнүүчү эмгек өргүүсү боюнда бар жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында же болбосо андан кийин деле алууга болот.

--

23. Суроо:  Жаъы кабыл алынган кызматкер катары 11 айдан кийин кезектеги эмгек өргүү пайдаланган, анан бир нече ай иштегенден кийин ага андан кийинки эмгек өргүүсүн берүүгө болобу?

Жооп:  Чындыгында жаъы кабыл алынган кызматкерге эмгек өргүүсү 11 ай өткөндөн кийин берилет. Ал эми андан кийинки эмгек өргүүсү  берилиши уюмдун иш берүүчүсү (жетекчиси) тарабынан бекитилген эмгек өргүүнүн кезметине ылайык бериле берет.

--

24. Суроо: Эгерде эмгек өргүүсүнөн кайра чакырып алгандыгына карабастан кызматкер жумушка чыкпай койду, мындай учурда аны бошотууга жатабы?

Жооп: Кызматкерди эмгек өргүүсүнөн мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу жөнүндө  анын макулдугу болбосо  жетекчинин чыккан буйругу жараксыз болуп эсептелет. Эгерде өргүүдөн чакырып алган буйрукка карабастан кызматкер жумушка чыкпай койгон болсо дагы эмгек тартибин бузгандыкка жатпайт.

--

25. Суроо:  Жаъы  жумушка кабыл алынган кызматкерлердин ичинен кимдерге эмгек өргүүсү 11 ай болгонго чейин деле берүүгө болот?

Жооп: Өзүнүн арызы менен үзгүлтүксүз  11 ай мөөнөтүнө жетпей иштегендер милдетүү түрдө ала алат:
1) Аялдардын боюнда бар жана төрөт боюнча өргүүсүнүн алдында же сөзсүз түрдө андан кийин.
2) Жашы 18 жашка толо элек кызматкерлерге.
3) Коштоп (совместитель) иштегендерге.
4) 3 айга чейинки баланы асырап алган кызматкерлер.

--

26.  Суроо: Кайсы кызматкерлерге эмгек өргүүсүн жылдын каалаган убактысында алуу укугу  берилген?

Жооп:  Кызматкер үчүн жылдын ыъгайлуу убактысында эмгек өргүүсүн алуу укугу берилет:
1) Эки же андан көп 14 жашка чейинки же 18 жашка чейинки майып балдары бар кызматкерлерге.
2) Ден соолугунда мүмкүнчүлүгү чектелген майып адамдарга.
3) Чернобль алааматынан жапа чеккендерге.
4) Коштоп иштегендерге (совместитель)
5) 14 жашка чейинки баласы бар жалгыз бой энелерге.
6) Билим берүү уюмдарында кечки жана сырттан, жогорку окуу жайында, орто окуу жайларында окуган кызматкерлерге.

--

27. Суроо: Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу эмгек акы сакталбаган өргүүнүн берилишинин узактыгы кандай болот?

Жооп:  Үй-бүлөлүк шартына же башка жүйөлүү себептер боюнча өргүүнүн узактыгы мыйзамда каралган жана иш берүүчү менен кызматкердин шартына ылайык эки тараптуу макулдашуусу боюнча аныкталат (же жамаатык келишимде), бирок эрежеге ылайык кыска мөөнөтө болушу керек (бир айга чейин).

--

28.  Суроо: Эмгек акы сакталбаган өргүү дайыма эле акча төлөнбөгөн болуу керекпи?

Жооп:  Жок, даыма эмес. Жамаатык келишимдин шартында мындай өргүүлөр акы төлөө менен берилиши мүмкүн. Мисалы, жакын тууганынын оорусуна байланыштуу, жакын тууганынын акыркы сапарга узатуу үчүн алынса ж.б.

--

29. Суроо: Кандай шартта кызматкерге акы төлөнгөн окуу өргүүсү берилет?

Жооп:  Акы төлөнгөн окуу өргүүсү кызматкерге, эгерде ал жолдомо менен сырттан окуса берилет. Окууга жолдомону эреже боюнча кызматкерге ошол иштеп жаткан жердин иш берүүчүсү тарабынан берилиши керек.
   Кызматкер билим берүү тармагындагы кызматкер педагогикалык кесипте сырттан окуп жаткан болсо, бирок кандайдыр себептер менен сырттан окууга жолдомо албаса, мындай учурда белгиленген тартиптен тышкары кызматкерге өргүү мезгили төлөнүп берилет, анткени ал педагогикалык билим алып, билим берүү тармагында  иштеп кала берет.

--

30.  Суроо:  Эгерде баласы майып болгон, кызматкерге эмгек акы сакталбаган өргүү берилеби?

Жооп:  Ооба, берилет. Арызы менен ата-энесинин бирөөнө (же багуусундагы) 18 жашка чейинки баласы майып же бала кезинен майып болсо иш берүүчү милдетүү түрдө ага жылыга узактыгы 14 календардык күнгө кошумча эмгек акы сакталбаган өргүүнү милдеттүү түрдө берет.  

--

31.  Суроо:  Эгерде кызматкер бала багып алса, ага өргүү алууга болобу?

Жооп:  Үч айга чейинки жаштагы бала багып алган кызматкерге, бала багып алган күндөн жана багып алган баланын туулган күнүнөн 70 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилде, ал эми эки же андан көп баланы багып алса, туулган күндөн тартып 110 күн өргүү берилет.

--

32. Суроо:  Эгерде кызматкер эмгек өргүү мезгилинде ооруп оорулуу баракчасына чыкса, анда  пайдаланбай калган эмгек өргүүсү кандай болот?

Жооп:  Эгерде негизги эмгек өргүүсү мезгилинде кызматкер ооруп калса, мындай учурда өзүнүн эмгек өргүү мезгилиндеги пайдаланбай калган күндөрүнүн эсебинен ал үчүн ыъгайлуу мезгилде эс алуу күндөрү (отгул) берилет.

--

33. Суроо:  Аялдардын боюнда бар жана төрөт боюнча отпускасына байланыштуу эмгек өргүүсүн кайсы мезгилде алууга болот?

Жооп:   Боюнда бар жана төрөткө байланышкан өргүү эмгек өргүүсүн эсептөө стажысына кирет, боюнда бар жана төрөт боюнча өргүүсүнө чейин же андан кийин эмгек өргүүсүн алууга аялдардын укугу бар.

--

34. Суроо:  Аялдар 3 жашка чейин баласын багуу боюнча эмгек акы сакталбаган өргүү берүү жөнүндө арыз жазды, бул мөөнөт бүткөнгө чейин эле кайра жумушка чыгууга болобу?

Жооп:    Ооба, чыга алат. Аялдар үчүн үч жылдын ичинде жумушка чыгуу жана кайрадан эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгууга укугу калтырылган (Бул укук баласы 3 жашка толгонго чейин улантыла берет).

--

35. Суроо:  Үч жашка чейин баласын багуу боюнча эмгек акы сакталбаган өргүү жалпы иш стажысына киреби?

Жооп:  Ооба, кирет. Жалпы иш стажысына эле кирбестен, кесиби боюнча стажысына дагы кирет.

--

36. Суроо: Эгерде кызматкер бошогон күнгө карата айдын 15 жумушчу күнүн иштеди, өргүүнүн узактыгын аныктоодо ошол ай кошулабы?

Жооп:  Эгерде кызматкер бошогон күнгө карата 15 жумушчу күн иштеди же толук эмес ай, анын иштебеген айдын калган күндөрүн толук айга чейин тегеректеп укугу берилген.
  Эгерде кызматкер 13 жумушчу күндөн аз иштесе анда эмгек өргүүнү эсептөө үчүн стажга бул ай кошулбайт. Жумушчу күнгө ишенби кошулат.

--

37. Суроо:  Кызматкерге эмгек өргүүсү берилген, бирок иш берүүчү аны канча убакыттан кийин өргүүдөн кайра чакыртып алууга болот?

Жооп:   Өргүүдөн мөөнөтөн мурда чакырууну өргүүлөрдү бөлүктөргө бөлүү менен аралаштырбоо керек. Кызматкерди эмгек өргүүдөн чакырып алуу, кызматкердин макулдугу менен жана пайдаланган эмгек өргүүсүнөн 14 күндөн эрте болбойт.

 


 
 
 
 
          Материалды түзгөн:          Л.П.Олимпиева        Б.М. Кадыркулов