Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

И.Арабаев ат. КМУда окутуу семинары

   И.Арабаев ат. КМУнун профсоюз уюму менен админстрациянын ортосунда түзүлгөн жамааттык келишимдин мөөнөтү бүтүп калганына байланыштуу, ректордун буйругу менен түзүлгөн биргелешкен комиссия өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кеңейтилген профсоюз комитетинин отурумуна сунуштады. Жаңы киргизилип жаткан толуктоолордун мыйзамдык,укуктук жактан тууралыгын тактоо максатында Профсоюз борбордук комитетинин бөлүм башчылары Олимпиева Лидия Петровна жана Кадыркулов Бедил Мешкенович отурумга чакырылган. Профсоюз комитетинин бул отуруму КМУнун кадрлар , пландоо, юридикалык, админстрадивдик чарбалык бөлүмдөрү үчүн пайдалуу окутуу семинары да болуп калды.КМУнун ректору Т. А. Абдырахманов жаңы киргизилип жаткан толуктоолорду толук колдоорун айтып өзү дагы 3-4 сунуш киргизди. Соңунда талыкпастан тармактык профсоюз уюму үчүн жигердүү салым кошуп жаткан Борбордук профсоюз комитетинин бөлүм башчыларына КМУнун профсоюз комитетини ардак грамоталары тапшырылды.