Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Эмгекти коргоо» мыйзамын аткаруулары боюнча

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун   Борбордук комитетинин  иш планы боюнча  2015-жылдын    февраль  айында  Бишкектеги  К.Көлбаев атындагы   Автомобиль жол, Архитектура жана менеджмент  курулуш колледждерининадминистрациялар   жана бириккен  профсоюз комитеттеринин, КР «Эмгекти коргоо  жана техникалык коопсуздук жөнүндө» мыйзамын аткаруу боюнча биргелешкен иштерин  текшерип, комиссия  төмөндөгүдөй жыйынтыкка келди.

Автомобиль жол колледжинин бириккен профсоюз комитетинин баштапкы уюмдарында 1395 профсоюз мүчөсү  учетко алынган.Кызматкерлердин учеттук карточкалары жана  профсоюз мүчөлөрүнүн  арыздары профсоюздун Уставына ылайык түзүлгөн. Директор Алымкулов Асылбек Шамырзаевич  жана бириккен профсоюз комитетинин төрайымы Сейитказиева Умут Сейитказиевна   КРнын  2003-жылдын 1-августундагы №167 “Эмгекти коргоо”, 2003-жылдын 25-июнундагы №154 “Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк” мыйзамдарынын жана КРнын Өкмөтүнүн эмгекти коргоо  боюнча   чыккан токтомдордун  негизинде   иш алып барышууда.

Иш пландарында  эмгекти коргоо мыйзамдарынын   аткарылышы  жана техникалык коопсуздук эрежелерин нускамаларын сактоо  маселелери өз убагында  кеңешмелерде  каралып келүүдө.

Айта кетсек,Автомобиль жол   колледждеринин жамааттык келишими  КРнын Эмгек кодексинин 42-беренесинин  негизинде талапка ылайык түзүлгөн. Келишимде көрсөтүлгөн иш чаралардын аткарылышы профсоюз комитети тарабынан дайыма көзөмөлдөнөт. Натыйжада эмгектин корголушун камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери  аткарылууда. Тактап айтканда,  кызматкерлерге эмгектин  коопсуз шарттарын түзүү, эмгекти коргоо талаптарын аткаруу боюнча нускамалар профсоюз комитети менен макулдашылып иштелип чыгып, ишке ашырылууда.

Эмгекти коргоо боюнча профсоюз комитетинде 3 жана 5 кишиден турган комиссия түзүлгөн, иш пландары  иштелип чыккан, бул маселе боюнча жылына бир жолу   администрация менен бирдикте кеңешме өткөрүлүүдө. Кеңешмеде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу жетекчилердин отчеттору угулат.

Жылына эки жолу келишимдин негизинде Өзгөчө кырдалдар Министрлигинин   кызматкерлери  менен биргеликте    эмгекти коргоо  жаатында  окуу семинарлар  уюштурулуп, практикалык иштер көрсөтүлөт.

Автомобиль жол колледжине караштуу  2 окуу корпусу  жана бир  студенттик жатакана бар.   Эки окуу корпусундагы ар бир этаждарда эвакуациялык пландар, тиешелүү  нускамалар колледждин директору  тарабынан бекитилип профсоюз комитети менен макулдашылган. Өрт өчүрүүчү баллондор,  видео камералар орнотулган, ошондой эле эмгек жамаатына жана   студенттерге  техникалык коопсуздук боюнча окуу семинарлары  уюштурулуп, каттоо журналдарга нускамалар  менен  таанышкандыгы  тууралу  кол  коюлган, ал  журналдар талапка ылайык түзүлгөн.  Окуу корпустарындаөрт өчүргүч такталары (пожарный щит)  тиешелүү шаймандар (инвентарлары) менен жасалгаланган.

Автомобиль жол колледжинин   студенттик жатаканасында  окуу жайдын  жаш кызматкерлери жана  студенттери  жашайт. Азыркы учурда биринчи  жана экинчи этаждарда   ремонт иштери жүрүп жатат.

 Архитектура жана менеджмент курулуш колледжинин бириккен профсоюз комитетинин баштапкы уюмдарында 1201 профсоюз мүчөсү учетко алынган. Кызматкерлердин учеттук карточкалары жана  профсоюз мүчөлөрүнүн  арыздары профсоюздун Уставына ылайык түзүлгөн. Директор Дюшебаев Максат Жумагулович  жана бириккен профсоюз комитетинин төрайымы  Ткачева Татьяна Алексеевна  КРнын  2003-жылдын 1-августундагы №167 “Эмгекти коргоо”, 2003-жылдын 25-июнундагы №154 “Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк” мыйзамдарынын жана КРнын Өкмөтүнүн эмгекти коргоо  боюнча   чыккан токтомдорунун  негизинде   иш алып барышууда.  Окуу жай 1930- жылы ачылган, окуу имараты капиталдык ремонтко муктаж болгондугуна байланыштуу Билим берүү Министирлигинен бөлүнгөн акча каражатына  тендер жарыяланып 2014-жылдын декабрь айында окуу жайдын чатырын  жапканга жетишишкен, ал эми окуу  кабинеттерин  ремонт иштерин 2015-жылдын апрель - май  айларына   пландаштырып коюшкан, себеби аталган окуу жайы ушул жылдын сентябрь айында өзүнүн 85 –жылдык маарекесин уюштурууга даярданууда.

Жамааттык келишим  КРнын Эмгек кодексинин 42-беренесинин  негизинде талапка ылайык түзүлгөн.  Келишимде көрсөтүлгөн иш чаралардын аткарылышы профсоюз комитеттер тарабынан дайыма көзөмөлдөнөт. Социалдык өнөктөш катары жамааттык келишимдерди түзүүдө эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча иш чаралардын камтылышы  каралган. Окуу жайдын эки окуу корпусунунда өрт өчүргүч такталары (пожарный щит)  шаймандары (инвентарлары) менен жасалгаланган. Дагы бир белгилей кетчү жагдай,  Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча нускамалар химия, физика, информатика жана ушул сыяктуу кабинеттеринде илинип, студенттер жана кызматкерлер  техникалык коопсуздук боюнча эрежелери менен таанышкандыгы тууралу журналда кол коюлган. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча инженер тарабынан кетирилген  кемчиликтер тез арада жоюлушун  комиссия тарабынан  директорго  эскертилди. 

Студенттер үчүн  жатакана жоктугуна  байланыштуу  Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик  архитектура курулуш  университетинин  жатаканасынан студенттерге керектүү орун  бөлдүрүп  берүү жагы жолго коюлган.

Т. Эрматов атындагы музыкалык  педагогикалык колледжинин бириккен профсоюз уюмунда 892  профсоюз мүчө учетко алынган.Окуу жайдын директору Осмонов Кубанычбек Эргешович, бириккен профсоюз уюмунун төрайымы Абакирова Бактыгуль Шонкоевна.  КРнын  2003-жылдын 1-августундагы №167 “Эмгекти коргоо”, 2003-жылдын 25-июнундагы №154 “Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк” мыйзамдарынын жана КРнын Өкмөтүнүн эмгекти коргоо  боюнча 25- март 2002- жылы №161,5–апрель 2004–жылы №225  токтомдорунун  негизинде   иш алып барышууда. Зыянду шартта иштеген кызматкерлеринин иш орундары милдеттүү түрдө аттестациялоодон өткөрүлүп 15-25 пайызга чейин кошумча акча каражаттар  төлөнүүдө, өрт өчүрүүчү баллондор   орнотулган, ошондой эле эмгек жамаатты жана   студенттерди  техникалык коопсуздук боюнча окутуу семинарлары  уюштурулуп, каттоо журналдарга нускамалар  менен  таанышкандыгы  тууралу  колдор  коюлган, ал   журналдар талапка ылайык түзүлгөн.  Окуу корпустарында  пожарный щит  шаймандары (инвентарлары) менен жасалгаланган.

Окуу жайда бир окуу имараты жана студенттер үчүн бир жатакана  бар.

1960-жылдары салынган жатакана  капиталдык ремонтко муктаж, имараттын чатырларынан  суу агып  бөлмөлөр  ным болууда, электро-проводдору керекке жарабай калган, капиталдык ремонтко акча каражат каралган  эмес.Жатаканада эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук маселеси тынчсызданууну жаратат, мындай кемчиликтерди оңдоп жою маселеси жеринде окуу жайдын директору, профсоюз комитетинин төрайымы, чарба иштери боюнча директордун орун басары жана жаканананын коменданты менен биргеликте  талкууланып, окуу жайдын директор бул маселени чечүү  жаңы окуу жылына карата  планга киргизилет деп билдирди.

 

 

Ниязбеков К.Н.

Сагындыкова А.А.