Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Турдубаева Гульмира Мамаевна Ош билим берүү институтунун директору

  Турдубаева Гульмира Мамаевна 1960-жылы 13-январда кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1977-жылы орто билимге ээ болгондон кийин Ош шаарындагы бухгалтердик мектебин бүтүргөн, 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика математик факультетине кирип, 1982-жылы математика адистигине ээ болгон.

             Алгачкы эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районуну Учар орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-1999-жылдары аталган мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенген.

              1999-2000-жылдары Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы, 2000-2002-жылдары Ош областык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун (азыркы Ош билим берүү институту) инновация каанасынын башчысы кызматтарын аркалап келген.

             2002-2007-жылдары Ош областык билим берүү башкармасынын мектепке чейинки мекемелер боюнча башкы адиси, мектептер бөлүмүнүн бөлүм башчысы, кадрлар бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматында эмгектенген.

            Турдубаева Гульмира Мамаевна 2008-жылдын 1-мартында №132 буйрук менен Ош облусунун мамлекеттик админстрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнө жетектөөчү адис катары кабыл алынып, 2011-жылдан тартып Ош облусунун мамлекеттик админстрациясы кайрадан түзүлгөнгө чейин билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматын аркалаган.

2013-жылдын май айынан Жогорку Кеӊештин депутатынын жардамчысы,  2015-жылдын августунан Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген.

2016-жылдын май айынан 2016-жылдын 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 25-ноябрындагы №199/ 4 буйругу менен Ош Билим берүү институтунун директору болуп дайындалды.