Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Саяпкер ардагер мугалим

Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чий айылынын 65 жаштагы тургуну, ардагер мугалим Садыбакас Алиев 45 жылдан бери негизги кесибинен тышкары саяпкерлик менен да алектенип келет. Ал бул жылдары он бештен ашык ат таптаган. Анын таптаган аттары ар кыл деңгээлдеги ат чабыштардан  алдыңкы байгелерди жеңип келет. Ардагер мугалимдин айтымында, бала кезинен саяпкерлердин жанында көп жүрүп, өнөргө кызыгуусу артып,  ат таптап калган.

         - Бала кезимден саяпкерликке кызыгуум күчтүү болчу. Мындан 45 жыл мурун 1973-жылы биринчи жолу ат таптай баштадым. Бүгүнкү күнү да ат таптоо менен алектенип жатам. Бул менин жан дүйнөмө жакын кесибим болуп калды. Жалпы он бештен ашык ат таптадым. Тапталган аттарымды ат чабыштарга чыгарып келем. Соң-Көлдө өткөн ат чабыштан биринчиликти, райондук, облустук деңгээлдеги оюндардан дагы алдыңкы орундарды алдым. Мындан сырткары үч облустан келген 68 аттын катышуусунда өткөн ат чабыштан баш байгени жеңгенбиз. Эң негизгиси ат таптоонун сырын жакшы билип, атты сүйүү, аны менен сүйлөшө билүү керек. Атка канчалык жакын болсоң, ал дагы сага жакын болот. Учурда таза кандуу кунанды таптап атам. Аттарды таптоодо анын дене түзүлүшүнө карайбыз. Ат чабышка түшчү күлүктүн бели кыска, арткы туягы түз, моюну узун болот. Мындай атты даярдоонун көп түйшүгү бар. Кадимкидей ал ат менен жакын болуп, өз балаңдай карап, таң аткандан кеч киргенге чейин көзөмөлдөө керек. Даяр болгондо ат чабышка чыгарабыз. Ошондой эле таптаган аттарды 1500-2000 долларга чейин баалап сатам. Ат таптоонун сырларын башкаларга да үйрөтүп келем. Мындан сырткары "Саяпкердин санаасы" деген китепче чыгаргам. Анда ат таптоонун бардык сыры жазылган, - деди ал.

         Саяпкер көп жылдар бою мектепте мугалим жана жетекчи болуп иштеп, кийин ардактуу эс алууга чыккан.

         - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен географ адистиги боюнча билим алгам. Окуу жайды аяктаган соң, айылыбыздагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде жалпы 40 жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыктым. Бул жылдар аралыгында мугалим, директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана директор болуп иштеп келдим.  2010-жылы жашым боюнча жумуштан кетип, ардактуу эс алууга чыктым.
Окуучуларымдан алдыңкы жетекчи, илимдердин кандидаты болгондор бар. Мектепте эмгектенип, ошону менен бирге ат да таптап жүрдүм, - деди ал.

         Ардагер мугалим Садыбакас Алиев мамлекеттик сыйлыктарга да татып, 1989-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Жубайы Токтокан Арзыгулова айыл өкмөттө жооптуу кызматкер болуп бир топ жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Жубайлар эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүрүп, 12 неберелүү болушкан. Балдарынын бардыгы жогорку билимге ээ.