Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”

Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Президиуму   “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү   санариптештирүү жылында 2019-жылды    тармактын райондук,  шаардык профсоюз    комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ   профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин    социалдык натыйжалуулуктарынын жылы”  деп токтом кылды.

Жылдын алкагында   салттуу республикалык тармактык “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”  кароо-сынагы уюштурулат, ага Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттери, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттери жана  илимий мекемелердин профсоюз комитеттери  катыша алат.

 

 

 

   Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жылды тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылы” деп жарыялоо жөнүндө    2019-жылдын 25-январындагы № 22\1 токтому

 

Республикада жарыяланган 2019-аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык  ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун   жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү,  илим кызматкерлерин жана  студент жаштарды социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздун уставдык  максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы,  жер-жерлерде профсоюздун  ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын  инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды өнүктүрүү аркылуу   күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму

токтом кылат:

  1. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жыл тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылы” деп жарыялансын.
  2. “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагы уюштурулсун жана өткөрүлсүн.
  3. Республикалык кароо-сынакты өткөрүү тартиби жөнүндө  Жобо (тиркелет)  жана  республикалык кароо-сынактын уюштуруу комитетинин  тутуму (тиркелет) бекитилсин.
  4. Республикалык кароо-сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 16-декабрына чейин чыгарылсын, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз  комитеттери  кароо-сынакка материалдарды 2019-жылдын 1-декабрына чейин тапшырышсын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  профсоюздун Борбордук Комитетинин  уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназаровага жүктөлсүн.

 

 

                                            Төрага:                                                                               А.Токтогулов 

 

 

 

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

 

ПБКнин президиумунун 2019-жылдын

 25-январындагы № 22\1-3 токтому

 менен бекитилген.

 

 

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин

жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”

республикалык тармактык кароо-сынагын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

 

 

  1. Жалпы жоболор

 

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагы (мындан ары- сынак), Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылынын” алкагында өткөрүлөт.

Сынак Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан социалдык өнөктөштөрдүн, кызыкдар уюмдардын, демөөрчүлөрдүн катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

1.1. Сынактын урааны: “Күчтүү профсоюз-татыктуу келечекке ишеним”.

1.2. Сынактын символу: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Герби (эн белги).

Сынактын бардык баскычтарында расмий эн белги милдеттүү түрдө колдонулат.

1.3. Сынактын максаты:

- билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттеринин, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин, илимий мекемелердин профсоюз комитеттеринин билим берүү, илим кызматкерлерин жана студент жаштарды социалдык колдоону камсыз кылуу жана социалдык-эмгек укуктарын коргоо жаатындагы уставдык максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иштерин активдештирүү;

- профсоюздун кадыр-баркын иштин инновациялык түрлөрүн жана ыкмаларын өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу, профсоюз уюмдарында маалымат иштерин күчөтүү аркылуу бекемдөө;

- тармактын профсоюз уюмдарынын алдыңкы тажрыйбаларын окуп үйрөнүү жана жайылтуу. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттеринин, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин, илимий мекемелердин профсоюз комитеттеринин ишмердиктерине кызыктыруу, инновациялык жаңылыктарды сыйлоо механизмдерин киргизүү.

 

1.4. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн сыпаты:

 - жеңүүчүлөр инновациялык жагдайда иштеген жана тармактык профсоюз кыймылына жаңы идеяларды жана баалуулуктарды киргизген алдыңкы профсоюз комитеттеринин өкүлдөрү болуулары тийиш;

- жеңүүчүлөр жогорку кесипкөй сапаттарга ээ болуулары тийиш;

- жеңүүчүлөр ар кыл деңгээлдерде өз ара сүйлөшүүнүн айрыкча дараметине ээ жана аны билгичтик менен жүргүзө, кеңири чөйрөгө  өздөрүнүн көз караштарын билдире алышкан болуулары тийиш;

- жеңүүчүлөр өздөрүнүн кесиптештерин дайыма өздөрүн өздөрү жогорулатууларына дем берүүлөрү, профсоюз мүчөлөрүн чыгармачылык ишмердикке тартуулары тийиш;

-  жеңүүчүлөр тармактык профсоюздук кыймылдагы, коомдогу  болуп жаткан өзгөрүүлөргө, алардын өнүгүшүндөгү талапка ылайык жана терс тенденцияларга талдоо жүргүзүүгө, аларды жалпылоого жана профсоюз мүчөлөрүнө жеткиликтүү түрдө жеткирүүгө жөндөмдүү болууга, ири профсоюздук  жана коомдук  форумдарда чыгып сүйлөөгө даяр болуулары тийиш;

- жеңүүчүлөр коомдо Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим профсоюзун татыктуу көрсөтүүлөрү тийиш. 

 

  1. Сынактын мазмуну

 2.1. Сынакты өткөрүү шарты

Сынакка Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттери, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттери, илимий мекемелердин профсоюз комитеттери катыша алышат.

Сынакка катышышкан профсоюз комитеттери профсоюздун БК уюштуруу комитетине төмөнкү иш кагаздарын жөнөтүшөт:

- сынакка катышуулары тууралуу арызды (1-тиркеме);

- негизги көрсөткүчтөрү чагылдырылган профсоюз комитетинин ишмердиги тууралуу кагаз жана электрондук түрлөрүндөгү кеңири маалымат-тастыктаманы:

- негизги көрсөткүчтөрдүн тизмегинде көрсөтүлгөн ар бир өткөрүлгөн иш чараларды тастыктаган иш кагаздарды жана сынакка катышып жаткан профсоюз комитетинин ишмердигине байланышкан кошумча иш кагаздарын;

- профсоюз комитетинин ишмердигин чагылдырган башка иллюстративдик материалдарды (слайд бет ачаарларын, сүрөттөрдү, видео материалдарды, газеталарды, буклеттерди, постерлерди ж.б.у.с.).

2.2. Сынакты өткөрүү жана жыйынтыктоо мөөнөттөрү

Республикалык тармактык кароо-сынак  ар жыл сайын өткөрүлөт.

Сынакты өткөрүүнүн төмөнкүдөй этаптары жана мөөнөттөрү бекитилет:

- Сынак 2019-жылдын 11-февралынан тартып 22-ноябрына чейин өтөт.

- Сынак 2 этап менен жүргүзүлөт:

1-этап- 2019-жылдын 1-декабрына чейин жер-жерлерден иш кагаздарын БК уюштуруу комитетине жөнөтүү;

2-этап- 16-декабрга чейин келип түшкөн иш кагаздарын талдоочулук карап чыгуу, жыйынтыктарды чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо.

2.3. Сынактын номинациялары:

«Жылдын мыкты райондук (шаардык) профсоюз комитети»;

- «Жылдын мыкты ЖОЖ, АООЖ жана илимий мекемесинин профсоюз комитети»;

- «Жылдын мыкты профсоюз лидери»;

 - «Региондогу мыкты профсоюз»;

- «Менин профсоюзум – менин коргоочум»;

- «Профсоюз – бул мыйзам»;

- «Өзгөчө маалыматтык иштер»;

- «Профсоюздук мүчөлүккө мотивациялоого жаңы аракеттер»

 - «Жаштар жана  профсоюз – келечектин стратегиясы»;

-  «Мен эмне үчүн профсоюзду сүйөм» (сүрөт сынак);

- «Акция» (Жылдын эң эсте калган окуясы).

2.4. Профсоюз комитетинин-сынактын катышуучусунун ишмердигин баалоо-жиберилген тастыктоочу иш кагаздары аркылуу баллдык система боюнча баалоонун негизги критерийлерине (2-тиркеме) ылайык түзүлгөн маалымат-тастыктаманын негизиндеги көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.  Көрсөткүчтөрдүн ар бир бөлүгү 1ден 10 балл түрүндө бааланат. Баллдардын эң жогорку көрсөткүчү-110 балл.

2.5. Сынактын жеңүүчүлөрү делинип, баллдардын эң көп санын алган катышуучулар саналышат. Бир нече катышуучуларда бирдей сандагы баллдар  болуп калган шартта, профсоюз комитетинин ишмердигин чагылдырган кошумча иллюстративдик иш кагаздарынын (слайд бет ачаарларын, сүрөттөрдү, видео материалдарды, газеталарды, буклеттерди, постерлерди ж.б.у.с.) бар экендиги жана сапаты эске алынат.

III. Сынакты уюштуруу

 

3.1. Уюштуруу  комитети. Сынакты  уюштуруу жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы жетектеген уюштуруу комитети (3-тиркеме) түзүлөт. Уюштуруу комитети төрагадан, анын эки орун басарларынан, жооптуу катчыдан жана мүчөлөрүнөн турат.

Уюштуруу комитети сынак тууралуу ушул жобого ылайык төмөнкүлөрдү аныктайт:

- сынактын ураанын;

- сынакты өткөрүү тартибин;

- сынактын иш кагаздарын даярдоого талаптарды;

- катышуучуларды баалоонун критерийлерин;

- сынактын тапшырмаларынын мазмунун;

- жюринин мүчөлөрүнүн талапка ылайыктуулугун;

- сынакты жыйынтыктоону.

Сынактын катышуучуларын каттоо үчүн негиз болуп уюштуруу комитетине бардык тиешелүү иш кагаздарынын топтомун тапшыруу эсептелет. Иш кагаздары сынактын катышуучуларынын тизмеси менен бирге уюштуруу комитетинин төрагасынын бекитүүсүнөн кийин жюринин мүчөлөрүнө кагаз жана электрондук жазуу түрлөрүндө ушул жылдын 1-декабрына чейин берилет.

3.2. Сынактын жюриси. Сынакка жыйынтык чыгаруу үчүн жюри түзүлөт. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы жюринин төрагасы болуп саналат, ал өз буюртмасы менен жюринин тутумун бекитет. Жюринин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун мүчөлөрүнөн, БК аппаратынын кызматкерлеринен, мурдагы жылдарда өткөрүлгөн тармактык республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнөн, социалдык өнөктөштөрдөн болушу мүмкүн.

Сынактын жюриси катышуучулардын ишмердиктеринин сапатын баалашат, сынактын жыйынтыгы боюнча зарыл иш кагаздарын даярдашат. 

Жюри мүчөлөрү милдеттүү:

 - жюринин иш регламентин сактоого;

 - профсоюздун БК президиумунун токтому менен бекитилген критерий берүү жагдайларын өз ишинде колдонууга;

 - жеке жана жашыруун добуш берүүгө;

- сынактын жыйынтыгы чыкмайынча алгачкы жана жыйынтыктоочу маалыматтар тууралуу сырларды сактоого;

- уюштуруу комитетинин макулдугусуз сынаккка келип түшкөн иш кагаздарын, ошондой эле сынактын катышуучулары тууралуу маалыматтарды пайдаланбоого.

Жюринин бардык мүчөлөрү сынак өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде катышуучулардын иш кагаздары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

3.3. Сынакты жалпыга жайылтуу.

Сынактын кадыр-баркын көтөрүү максатында уюштуруу комитети тарабынан маалыматтык иш кагаздары жалпыга тааныштырылат, видео тартуулары жүргүзүлөт, сынактын иш кагаздары тармактык “Позиция профсоюза” газетасында, профсоюздун БК расмий сайтында жарыяланат.

Сынактын маалыматтарынын банкы түзүлөт жана ал профсоюздун БК ресурстук борборунда сакталат.     

3.4. Сынактын жыйынтыктарын чыгаруу.

Сынактын жюриси 2-этаптын алдын-ала жыйынтыктарын  профсоюздун БК президиумунун жыйынына чейин  чыгарат.

Профсоюздун БК президиуму сынактын жюрисинин протоколун бекитет жана сынактын жеңүүчүлөрү тууралуу чечимди 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алат.

Сынаккка катышышкан жана сынактын лауреаттары болушкан профсоюз комитеттери профсоюздун БК Ардак дипломдору жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Сынактын жыйынтыктары тууралуу маалыматтар тармактык “Позиция профсоюза” газетасында, профсоюздун БК расмий сайтында жарыяланат.

 

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

 

1-тиркеме

 

 

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагынын уюштуруу комитетине

..................................................... профсоюз комитетинин төрагасы

................................................ кароо-сынакка катышуу боюнча

 

Арыз

 

 _________________________________   профсоюз комитети уюштуруу комитетинен “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагына катышууга уруксат берүүнү суранат жана сынактын катышуучулары тууралуу иш кагаздарын  маалыматтар базасына киргизүүгө жана коммерциялык эмес максаттарда Интернетке, буклеттерге жана мезгилдүү басма сөзгө редакторлук кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен пайдаланууга макулдук берет.

 

Төрага    .................................                                      __________________

                           м.о.                                                                                  (колу)                                               

«____»_________20___ж.                                                     

 

 

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

 

 

2-тиркеме

 

Тармактын райондук, шаардык профсоюз комитетинин, ЖОЖ, АООЖ профсоюз комитетинин, илимий мекемесинин профсоюз комитетинин ишмердигин баалоонун негизги критерийлери

 

Профсоюзга мүчөлүктүн абалы, профсоюздук мүчөлүккө камтуу. Акыркы 2 жылдагы профсоюз уюмунун санынын туруктуулугу же өсүшү. Профсоюзга тартуу боюнча иштердеги системалуулук.

  1. Иштегендердин, студенттердин саны, алардын ичинен профсоюз мүчөлөрү.
  2. Профсоюзга мүчөлүктүн өсүү динамикасы.
  3. Жаңы профсоюз уюмдарынын саны.

Ченемдик-укуктук базанын жагдайы (каттоодон өткөн профсоюз уюму тууралуу жобо, үч тараптуу макулдашуу же жамааттык келишим, профсоюз уюмунун жыйналыштарынын жана профсоюз комитетинин жыйындарынын туура толтурулган токтомдору, алардын мазмуну).

  1. Юстиция органынан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
  2. Макулдашуунун же жамааттык келишимдин көчүрмөсү.
  3. Президиумдун жыйынынын (профкомдун) чечими.
  4. Акыркы 2 жылда президиум жыйындарында каралган маселелердин тизмеги.

Социалдык өнөктөштүктүн жолго коюлушу. Макулдашуулар (жамааттык келишимдер) аркылуу аракеттенип жаткан мыйзамдуулукка салыштырмалуу өтө жогорку социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу, макулдашуулардын (жамааттык келишимдердин) аткарылышынын толуктугу. Профсоюз мүчөлөрүнө кошумча артыкчылыктарды жана социалдык кепилдиктерди берүү. Бул иштердин натыйжалуулугу.

  1. Макулдашууга (келишимге) киргизилген кошумча жеңилдиктерди жана кепилдиктерди тизмелөө.
  2. Тараптар тарабынан белгиленгендерди аткаруу.
  3. Социалдык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын жана түрлөрүн колдонуу.
  4. Натыйжалар.

Профсоюз комитетинин укук коргоо ишмердигиндеги   ролу  (профсоюз мүчөлөрүнө укуктук жардамдарды көрсөтүү, эмгек мыйзамдуулугунун сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзүү).

Бул иштердин натыйжалуулугу.

  1. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны (анын ичинде билим берүүнү башкаруу органдары менен бирдиктеги комплекстүү), биргелешкен жыйындарда каралган темалар, натыйжалар.
  2. Профсоюз мүчөлөрүнүн кайрылуулары, арыздары, суроолору. Алар боюнча иштердин жыйынтыктары.
  3. Эмгек мыйзамдуулуктарын бузуунун аныкталган саны, аларды жоюу боюнча чаралар.
  4. Эмгек мыйзамдуулуктары боюнча маселелерден акыркы 2 жылда профкомдун президиумунда каралгандарынын саны.

Профсоюз комитетинин эмгек шарттарын жакшыртуудагы жана коргоодогу ролу  (эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, комиссиялардын болушу жана эмгек шарттарын жакшыртууда жана коргоодо алардын ролу, өндүрүш кырсыктарынын деңгээлинин азайышы).

Бул иштердин натыйжалуулугу.

  1. Эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, комиссиялардын болушу жана эмгек шарттарын жакшыртууда жана коргоодо алардын ролу.
  2. Эмгек шарттарын жакшыртуу жана коргоо боюнча жамааттык келишимде жана макулдашууда каралган иш чаралардын болушу жана аткарылышы.
  3. Билим берүү уюмдарында эмгектенүү шарттары боюнча жумушчу орундарын аттестациялоону жана кызматкерлер менен эмгекти коргоо боюнча инструктаждарды сапаттуу жана өз убагында өткөрүү.
  4. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны (анын ичинде билим берүүнү башкаруу органдары менен комплекстүү), биргелешкен жыйындарда каралган темалар, жыйынтыктар.
  5. Акыркы 2 жылда профкомдун президиумунда эмгекти коргоо боюнча каралган маселелердин саны.

Профсоюз активи менен иш алып баруунун системасы. Профактивди окутуу боюнча бекитилген программалар, пландар. Профсоюз активинин мектептеринин, дайыма аракеттенүүчү семинарлардын жана башка окутуу түрлөрүнүн иштеринин натыйжалуулугу. Профсоюздук окутууну окуу-усулдук камсыз кылууну өркүндөтүү, окуу процессине заманбап билим берүү жана  маалымат технологияларын, окутуунун активдүү ыкмаларын киргизүү.

  1. Окутуу программасынын же планынын болушу (негиздемеде көрсөтүү керек).
  2. Усулдук иштелмелер: нускамалар, пособиелер, эстеткичтер.
  3. Окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу: практикалык сабактар, талаш-тартыштар, тренингдер, тестирлөө, «тегерек үстөлдөр» ж.б.у.с., ошондой эле заманбап технологиялар.
  4. Бардык окутуу иш чараларын ирээти менен күнүн жана темасын, катышуучулардын санын жана тутумун көрсөтүү менен жиберүү зарыл. Канча адам окутулду деген суроого жооп берүү керек.

Маалымат жана агартуучулук ишмердиктерди уюштуруу. Заманбап маалымат-коммуникативдик технологияларды иш практикасында колдонуу  (Интернет, Сайттын же андагы баракчанын болушу,  электрондук почта аркылуу өз ара байланышуу, ж.б.у.с.). Жер-жерлерде профсоюз мүчөлөрүнө жана коомчулукка маалыматтарды жеткирүүнүн түрлөрү (жергиликтүү ЖМК материалдар, маалымат брошюраларын жана буклеттерин иштеп чыгуу жана таратуу, көргөзмөлөрдү, такталарды уюштуруу ж.б.у.с.).

Профсоюз уюмун маалыматтык камсыздоонун сапаты.

  1. Заманбап жана колдо бар электрондук-маалымат ресурсун иште колдонуу: сайттын же сайттагы баракчанын болушу, Интернетке, Ватсапка, Фейсбукка ж.б. кошулуу–интернеттин ар бир тармагы боюнча аларга кошулган баштапкы уюмдардын санын көрсөтүү.
  2. Кызыктуу материалдардан Ватсап менен БК Ватсабына жиберилгендеринин саны.
  3. Бардык профуюмдардын БК менен өз ара байланышын камсыз кылуунун түрү (вертикалдуу жана горизонталдык байланыш). Баштапкы уюмдарды тармактык профсоюздун бирдиктүү электрондук почта мейкиндигине тартуу.
  4. ЖМК менен иш алып баруу, БК сайтында, тармактык “Позиция профсоюза” газетасында жарыяланган материалдар.
  5. Иштелип чыккан маалымат брошюраларынын, буклеттердин, плакаттардын саны, алардын тематикасы.
  6. Жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, алар тууралуу ЖМК чагылдыруу.
  7. Негиздемеге ЖМК, сайтта жана Ватсапта жарыяланган материалдарды тиркөө керек.

Профсоюз мүчөлөрү үчүн ден соолуктарын чыңдоо иш чараларын жүргүзүү, профсоюз мүчөлөрүнүн балдарынын жайкы эс алууларын, профсоюз мүчөлөрү үчүн маданий-тарбыялык жана спорттук иш чараларды  уюштуруу.

 Бул иштердин негизги натыйжалары.

  1. Иш чара планынын болушу.
  2. Бул багыттар боюнча колдонулган түрлөр.
  3. Сандык көрсөткүчтөр.
  4. Ишмердиктин негизги жыйынтыктары.

Профсоюз комитетинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү тармагындагы программаларын жүзөгө ашырууга катышуусу («Таза Коом» цифралык трансформация программасы,   «Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы” ж.б.у.с.);

Бул багытта нак аткарылган иштер.

Финансылык тартиптин абалы, акыркы 2 жылдагы финансылык абалды турукташтыруунун деңгээли, анын өнүктүрүүнүн өсүшү. Профсоюздун Борбордук Комитетинин 23.12.2015-ж. президиумунун токтому менен  бекитилген № 3/6 профсоюз уюмунун финансылык саясаты боюнча Нускамасын ишке киргизүүдөн профсоюз комитетинин практикалык ишине тийген натыйжалар.

  1. Акыркы 2 жылдагы финансылык тартиптин абалы жана аны өнүктүрүүнүн динамикасы.
  2. Финансы иштеринин системасы (сметанын, бекитүү тартибинин, кирешелерди жана чыгашаларды пландоо практикасынын болушу).

Иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу. Профсоюздук иш кагаздарды талаптарга ылайык жүргүзүү, иш кагаздарынын сакталышын камсыз кылуу  (профсоюз иш кагаздарын атайын түзүлгөн иш кагаздар номенклатурасынын негизинде жүргүзүү, комитет иштеп келе жаткан мезгилден тартып бардык жылдар үчүн дайыма сактала турган иш кагаздарынын толук тутумунун болушу).

  1. Профсоюз комитетинин иштелип чыккан иш кагаздар номенклатурасынын болушу жана иш кагаздарын ага ылайык жүргүзүү.
  2. Профсоюз комитетинин иш кагаздарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар.

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 3-тиркеме.

 

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин

жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”

республикалык тармактык кароо-сынагын өткөрүү боюнча 

уюштуруу комитетинин

ТУТУМУ

 (милдеттерди бөлүштүрүү)

 

1.

Токтогулов Асылбек Токтогулович -Уюштуруу комитетинин төрагасы

2.

Молдокматов Өмүрбек Кыдырганович - Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары

3.

Тойгонбаев Сабыр Абдубапович - Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары

4.

Кулназарова Эльмира Досуевна - Уюштуруу комитетинин катчысы

5.

Афанасьева Ирина Петровна - Уюштуруу комитетинин мүчөсү 

6.

Кадыркулов Бедил Мешкенович - Уюштуруу комитетинин мүчөсү

7.

Абикова Назира Коноковна - Уюштуруу комитетинин мүчөсү

8.

Бредихина Вера Анатольевна -Уюштуруу комитетинин мүчөсү

 

 

 

 

 

 

 

 

Президиум ЦК профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики  постановил  обьявить  2019 год “ Годом социальной эффективности деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в  Год развития регионов и цифровизации страны”.

В рамках Года объявлен традиционный Республиканский смотр – конкурс “Социальная эффективность  деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в  Год развития регионов и цифровизации страны”, в котором могут принять участие все районные, городские профсоюзные комитеты, а также профсоюзные комитеты ВУЗов и СПУЗов, научных учреждений Профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики.

 

 

 

 

 

 

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

Утверждено   

постановлением президиума ЦКП

от «25» января 2019 г. № 22\1-3

 

 

 

ПОЛОЖЕНИЕ

о порядке проведения Республиканского отраслевого смотра-конкурса

«Социальная эффективность деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в Год развития регионов и цифровизации страны».

 

 

  1. Общие положения

Республиканский отраслевой смотр-конкурс «Социальная эффективность деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в Год развития регионов и цифровизации страны» (далее Конкурс), проводится в рамках Года, объявленного Центральным Комитетом профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики «Годом социальной эффективности деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в Год развития регионов и цифровизации страны».

Конкурс проводится Центральным Комитетом профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики, при участии социальных партнёров, заинтересованных организаций, спонсоров.

1. Девиз Конкурса: «Сильный профсоюз – уверенность в достойном будущем».

2. Символика Конкурса:

  •  Герб Профсоюза образования и науки КР
  • Использование официальной эмблемы конкурса обязательно на всех этапах.

3. Цели Конкурса:

  •  Активизация работы районных, городских профсоюзных комитетов работников образования и науки, профсоюзных комитетов высших и средних профессиональных учебных заведений, профсоюзных комитетов научных учреждений по реализации уставных целей и задач в области обеспечения социальной поддержки и защиты социально-трудовых прав работников образования, науки и студенческой молодежи.
  •  Повышение социальной эффективности деятельности вышеуказанных профсоюзных организаций в достижении положительных результатов и усилении роли отраслевого профсоюза в регионах и республики в целом.
  •  Укрепление имиджа профсоюза через развитие инновационных форм и методов работы, использование новых технологий, усиление информационной работы профсоюзных организаций.
  • Ø Изучение и распространение положительного опыта работы профсоюзных организаций отрасли. Внедрение механизмов стимулирования, поощрения инноваций в работе районных, городских профсоюзных комитетов работников образования и науки, профсоюзных комитетов высших и средних профессиональных учебных заведений, профсоюзных комитетов научных учреждений.

4. Миссия Победителя Конкурса.

  •  Победитель должен стать представителем передовых профсоюзных комитетов работающих в инновационном режиме и несущих новые идеи и ценности в профсоюзное движение отрасли;
  •  Победитель должен обладать высокими профессиональными качествами;
  • Победитель должен обладать особым даром и умением вступать в диалог и выражать свою позицию широкой аудитории;
  •  Победитель должен уметь вдохновлять своих коллег на постоянное самосовершенствование, вовлекать членов профсоюза в творческую деятельность;
  • Победитель должен уметь анализировать происходящие изменения, положительные и отрицательные тенденции в развитии профсоюзного движения отрасли, в обществе, обобщать их и в убедительной форме доносить это до членов профсоюза, ему необходимо быть готовым выступать на больших профсоюзных и общественных форумах;
  • Победитель должен достойно представлять Профсоюз работников образования и науки Кыргызской Республики в обществе.

 Содержание Конкурса.

1. Условия проведения Конкурса.

       В конкурсе принимают участие районные, городские профсоюзные комитеты работников образования и науки, профсоюзные комитеты высших и средних профессиональных учебных заведений, профсоюзные комитеты научных учреждений Профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики.

    Профсоюзные комитеты, участвующие в конкурсе, представляют в Организационный комитет ЦК профсоюза следующие документы:

  •  заявку об участии в конкурсе (приложение 1)
  •  развернутую информацию-справку о деятельности профсоюзного комитета, отражающую основные показатели, на бумажных и электронных носителях;
  • подтверждающие документы по каждому проведенному мероприятию по перечню основных показателей и дополнительные материалы деятельности профсоюзного комитета - участника конкурса;
  • другие иллюстративные материалы, характеризующие деятельность профсоюзного комитета (слайдовые презентации, фотовидеоматериалы, газеты, буклеты, постеры и т.д.).

2. Сроки проведения Конкурса.

Республиканский отраслевой смотр-конкурс проводится ежегодно.

При этом устанавливаются следующие этапы и сроки проведения конкурса:

  •  Конкурс проводится с 11 февраля по 22 ноября 2019 года.
  •  Конкурс проводится в 2 этапа:

    1 этап - представление материалов с мест до 1 декабря т. г.;

     2 этап – экспертное рассмотрение материалов, подведение итогов и определение победителей конкурса до 16 декабря т. г.  

3. Номинации Конкурса:

  •  «Лучший районный (городской) профсоюзный комитет Года»;
  •  «Лучший профсоюзный комитет ВУЗа (СПУЗа, научного учреждения) Года»;
  •  «Лучший профсоюзный лидер Года»;
  •  «Профсоюз в регионе»;
  •  «Мой профсоюз - моя защита»;
  •  «Профсоюз - это закон»;
  •  «Особенности информационной работы»;
  •  «Новые подходы к мотивации профсоюзного членства»;
  •  «Молодёжь и профсоюз – стратегия будущего»;
  •  «За это я люблю профсоюз» (фотоконкурс);
  •  «Акция» (самое яркое событие Года).

4. Оценка деятельности профсоюзного комитета – участника конкурса по данным показателям производится на основании информации-справки, составленной согласно основным критериям оценки (приложение № 2) с представленными подтверждающими документами, по бальной системе. Каждый раздел показателей оценивается от 1 до 10 баллов. Максимальное количество баллов – 110.

5. Победителями конкурса признаются участники, набравшие наибольшее количество баллов. При равенстве баллов у нескольких участников учитывается наличие и качество дополнительных иллюстративных материалов, характеризующих деятельность профсоюзного комитета (слайдовые презентации, фотовидеоматериалы, газеты, буклеты, постеры и т.д.).

 

Организация Конкурса.

1. Организационный комитет.

         Для организации и проведения конкурса создается Оргкомитет, возглавляемый председателем Центрального Комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики (приложение 3).

Оргкомитет состоит из председателя, двух заместителей, ответственного секретаря, членов.

Оргкомитет в соответствии с настоящим Положением о Конкурсе определяет:

  •  девиз конкурса;
  •  процедуру проведения конкурса;
  •  требования к оформлению документации конкурса;
  •  критерии оценок участников;
  •  содержание конкурсных заданий;
  •  соответствие членов жюри;
  •  проведение финала конкурса.

      Основанием для регистрации участника конкурса является предоставление полного комплекта документов в Организационный комитет.  Документы представляются вместе со списком конкурсантов, заверенным председателем Оргкомитета членам жюри, на бумажном и электронном носителях до 1 декабря текущего года.

2. Жюри Конкурса.

       Для проведения конкурса формируется жюри. Председателем жюри является председатель Центрального Комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики, который своим распоряжением утверждает его состав. Членами жюри могут быть члены президиума, работники Центрального Комитета профсоюза работников образования КР, победители и номинанты предыдущих Республиканских конкурсов, социальные партнёры.

Жюри конкурса оценивает качество деятельности участников, составляет необходимую документацию по итогам конкурса.

Члены жюри обязаны:

  •  соблюдать регламент работы жюри;
  •  использовать в своей работе критериальный аппарат, утверждённый постановлением президиума ЦКП;
  •  голосовать индивидуально и тайно;
  •  не разглашать сведения о промежуточных и окончательных результатах конкурса ранее даты завершения конкурса;
  •  не использовать представленные на конкурс материалы, а также сведения об участниках конкурса без согласования с Оргкомитетом.

Все члены жюри имеют возможность знакомиться с материалами участников в ходе всего конкурса.

3. Пропаганда Конкурса.

В целях создания имиджа Конкурса его Оргкомитетом осуществляется пропаганда информационных материалов, съемка видеоматериалов, их публикация в отраслевой газете «Позиция профсоюза», на Сайте ЦКП.

    Создается банк данных Конкурса, который размещается и хранится в Ресурсном центре ЦКП.

4. Подведение итогов Конкурса.

  •  Предварительное подведение итогов 2 этапа конкурса проводится жюри Конкурса до заседания президиума ЦК профсоюза.
  •  Президиум ЦК профсоюза утверждает протокол жюри Конкурса и выносит решение о победителях конкурса на своем итоговом заседании в декабре 2019 года.
  •  Профсоюзные комитеты, участвующие в конкурсе и ставшие лауреатами конкурса, награждаются Почетными дипломами ЦК профсоюза и ценными призами.
  •  Итоги конкурса публикуются на Сайте ЦК профсоюза и отраслевой газете «Позиция профсоюза».

 

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

Приложение 1.

 

                                                                                                            Заявление участника конкурса

 

В Республиканский отраслевой организационный комитет смотра-конкурса

«Социальная эффективность деятельности

 районных, городских профсоюзных комитетов

 и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли

 в Год развития регионов и цифровизации страны»

от председателя _______________ профсоюзного комитета

 

                                                                           

Заявление

Профсоюзный комитет ____________________________________

                                                     (полное название)

просит разрешение  на участие в  Республиканском отраслевом  смотре-конкурсе

«Социальная эффективность деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в Год развития регионов и цифровизации страны» и даёт согласие на внесение сведений в базу данных об участниках конкурса и использование, в некоммерческих целях для размещения в Интернете, буклетах и периодических изданиях с возможностью редакторской обработки.

 

 

«____» __________ 20____ г.                                                                __________________

           м.п.                                                                                                                                                                                                             (подпись)                                 

 

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

             Приложение 2

 

Основные критерии оценки

деятельности районного, городского профсоюзного комитета, профсоюзного комитета ВУЗа, СПУЗа,

научного учреждения отрасли  – участника конкурса

 

 

Состояние профсоюзного членства, охват профсоюзным членством. Стабильность или рост численности профоргана за последние 2 года. Система работы по вовлечению в профсоюз:

  1. Количество работающих, студентов, из них членов профсоюза.
  2. Динамика роста профсоюзного членства.
  3. Список новых профорганизаций

Наличие нормативно-правовой базы (зарегистрированных положения о профсоюзном комитете, трехстороннего соглашения или коллективного договора, правильно оформленных протоколов собраний и заседаний профсоюзного комитета, их содержание  и т.д.

  1. Копия свидетельства о регистрации в органах юстиции
  2. Копия соглашения (колдоговора)
  3. Копия протокола заседания президиума (профкома)
  4. Перечень вопросов, рассмотренных на президиуме за последние 2 года

Уровень социального партнерства. Обеспечение через соглашение (колдоговор) более высоких социальных гарантий по сравнению с действующим законодательством, полнота выполнения соглашения (колдоговора). Предоставление дополнительных преимуществ и социальных гарантий членам профсоюза. Результативность этой работы:

  1. Перечислить дополнительные льготы и гарантии, внесенные в колдоговор (соглашение).
  2. Выполнение пунктов сторонами.
  3. Использование новых форм и методов ведения переговоров с соцпартнерами.
  4. Результаты.

Роль профсоюзного комитета в правозащитной деятельности (оказание правовой помощи членам профсоюза, осуществление контроля за соблюдением трудового законодательства). Эффективность данной работы.

  1. Количество проведенных проверок (в том числе комплексных с органами управления образования), темы, рассмотрение на совместных заседаниях, результаты.
  2. Количество обращений, жалоб и заявлений членов профсоюза. Результаты работы по ним.
  3. Количество выявленных нарушений трудового законодательства, меры по их устранению.
  4. Количество вопросов по трудовому законодательству, рассмотренных на президиуме, профкоме за последние 2 года.

Роль профсоюзного комитета в улучшении условий и охраны труда (наличие уполномоченных по охране труда, комиссии по охране труда и их роль в улучшении условий и охраны труда, снижении уровня производственного травматизма).

 Результаты работы.

  1. Наличие уполномоченных по охране труда, комиссии по охране труда и их роль в улучшении условий и охраны труда.
  2. Наличие и выполнение мероприятий по улучшению условий и охраны труда, предусмотренных колдоговором и соглашением по охране труда.
  3. Качество и своевременность проведения аттестации рабочих мест по условиям труда в образовательных организациях и проведения инструктажей по охране труда с работниками.
  4. Количество проведенных проверок (в том числе комплексных с органами управления образования), темы, рассмотрение на совместных заседаниях, результаты.
  5. Количество вопросов по охране труда, рассмотренных на президиуме, профкоме за последние 2 года.

Система работы с профсоюзным активом. Наличие утвержденных программ, планов обучения профактива. Результативность работы школ профсоюзного актива, постоянно действующих семинаров и других форм обучения. Совершенствование учебно-методического обеспечения профсоюзного обучения, внедрение в учебный процесс современных образовательных и информационных технологий, активных методов обучения.

  1. Наличие программы или плана обучения (приложить к справке).
  2. Методические разработки: инструкции, пособия, памятки.
  3. Использование новых методов обучения: практические занятия, дискуссии, тренинги, тестирование, «круглые столы» и т.д., а также современных технологий.
  4. Все обучающие мероприятия представить в хронологической последовательности с указанием дат и тем, количество и состав участников, указать общее количество всего обученных.

Организация информационной и просветительской деятельности. Применение в практике работы современных информационно-коммуникативных технологий (Интернет, наличие Сайта или странички на сайте, взаимосвязь по электронной почте и т.д.). Формы доведения информации до рядовых членов профсоюза и общественности на местах (выступления в местных СМИ, разработка и распространение информационных брошюр и буклетов, организация выставок, стенды и др.). Качество информационного обеспечения профсоюзной организации.

  1. Применение современных и доступных электронно-информационных ресурсов в работе: наличие сайта или странички на сайте, подключение к Интернету, Ватсапу, Фейсбуку и др. – указать количество подключенных первичек по каждому направлению сети интернета.
  2. Отправка интересных материалов по Ватсапу на номер Ватсапа ЦК профсоюза.
  3. Форма обеспечения связи всех профорганизаций с ЦК профсоюза и между собой (связь по вертикали и горизонтали). Вовлечение первичек в единое электронное почтовое пространство отраслевого профсоюза.
  4. Работа с СМИ, публикации на Сайте ЦКП, отраслевой газете.
  5. Количество разработанных информационных брошюр, буклетов и плакатов, их тематика
  6. Организация встреч, круглых столов, выставок, освещение их в СМИ.
  7. К справке приложить все опубликованные в СМИ и размещенные на сайтах и ватсапе материалы

Проведение оздоровительных мероприятий для членов профсоюза, организация летнего отдыха детей членов профсоюза, культурно-воспитательные и спортивные мероприятия для членов профсоюза. Основные результаты деятельности.

  1. Наличие плана мероприятий
  2. Применяемые формы работы по данным направлениям.
  3. Указать количественные показатели
  4. Основные результаты деятельности

Участие профсоюзного комитета в реализации программ Правительства КР в области образования (Программа  цифровой трансформации «Таза Коом»,  «Информационная система управления образованием» и др.).

Какая конкретная работа проведена в данном направлении.

Состояние финансовой дисциплины, уровень стабильности финансового состояния за последние 2 года, динамика его развития. Результаты внедрения Инструкции по финансовой политике профсоюзной организации, утвержденной постановлением президиума ЦКП от 23.12.2015г. № 3/6, в практическую работу профсоюзного комитета.

  1. Состояние финансовой дисциплины и динамика ее развития за последние 2 года.
  2. Система финансовой работы (наличие сметы, порядок утверждения, практика планирования доходов и расходов).

Организация делопроизводства. Ведение профсоюзной документации в соответствии с требованиями, обеспечение сохранности документов (оформление профсоюзных документов на основе составленной номенклатуры дел, наличие полного состава документов постоянного срока хранения за все годы функционирования комитета).

  1. Наличие разработанной номенклатуры дел профсоюзного комитета и ведение документации в соответствии с ней.
  2. Меры по обеспечению сохранности документов профсоюзного комитета, работа с госархивами на местах.

 

 

 

________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 

 

Приложение 3.

Состав

организационного комитета по проведению

Республиканского отраслевого смотра-конкурса «Социальная эффективность деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в Год развития регионов и цифровизации страны»

(распределение обязанностей).

 

1.

Токтогулов Асылбек Токтогулович - Председатель  оргкомитета

2.

Молдокматов Омурбек Кыдырганович - Заместитель председателя  оргкомитета

3.

Тойгонбаев Сабыр Абдубапович - Заместитель председателя  оргкомитета

4.

Кулназарова Эльмира Досуевна - Секретарь оргкомитета

5.

Афанасьева Ирина Петровна - Член оргкомитета

6.

Кадыркулов Бедил Мешкенович - Член оргкомитета

7.

Абикова Назира Коноковна - Член оргкомитета

8.

Бредихина Вера Анатольевна - Член оргкомитета