Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

РАЙОНДУК «ЖЫЛ МУГАЛИМИ - 2018» СЫНАГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин  «2018-жыл – аймактарды өнүктүрүү жылы» деп  жарыялаган жарлыгына  ылайык  2018-жылдын  13-14-апрелинде Гүлчө айылындагы       №4 К. у Абдыразак атындагы  лицей интернатынын  базасында  райондук «Жыл мугалими-2018» сынагы  болуп  өттү.

Сынакка  райондун  аймагындагы 3 зонадан 32 конкурсанттын ичинен  жеңүүчү  болуп  чыгышкан 11 талапкер катышышып,   педагогикалык чеберчиликтерин  көргөзүштү.

Сынактын  алгачкы  күнү  конкурсанттар  45  минуталык  көргөзмөлүү  ачык сабактарды өтүшүп, педагогикалык чеберчиликтерин көргөзүшүп, жазма иштеринин  сынагынан  өтүштү.

Сынактын  райондук  турунда  Тойчиева Т. (№30 Ж.Кыпыева атындагы орто  мектебинин), Пиришова З. (№46 А.Бейшеев атындагы негизги  мектеби),  Максүтова З. (№50 Көлдүк баштооч мектеби), Досуева А. (№10 А.Мадалиев атындыгы негизги  мектеби), Кутчуева Г. (№41 С.Умарходжаева атындагы орто мектеби) өздөрүнүн мыкты чеберчиликтерин, педагогикалык ишмердүүлүктөрүн  көргөзө  алышты.

Сынактын  экинчи  күнү  финалга  чыккан 6 конкурсант  талапкердин өзүн-өзү  жарыялоосу, кесиптердин рейтинги,  талапкердин ийрими сыяктуу  талаптарга жооп  беришип, калыстардын  сынынан  өтүштү.

Жыйынтыгында №19 Курмажан датка  атындагы  орто  мектебинин  мугалими Г.Жунусова, №11 К.Султанов  атындагы  орто  мектебинин  музыка  мугалими Д.Жумабаева жана  №3 Токтогул  атындагы  орто  мектебинин  дене тарбия  мугалими Т.Шариповдор атайын номинациядагы Ардак грамоталарга  татыктуу  болушту.

Ал эми 3-орунга №27 Ж.Алимов  атындагы орто  мектебинин  башталгыч  классынын  мугалими  Кулушова Орунбү, 2-орунду №2 Т.Отунчиев  атындагы мектеп  гимназииясынын орус тили  жана  адабияты  мугалими Олокова Гүльзар камсыздаса, райондук «Жыл мугалими - 2018» наамын №12 И.Адишев  атындагы  орто  мектебинин  математика  мугалими Шадыева Турсунай жеңип  алды.

Жеңүүчүлөргө райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  жана билим  берүү  кызматкерлеринин  райондук  профсоюз  комитетинин  атынан дипломдор жана  баалуу  сыйлыктар тапшырылды.