Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-ноябрындагы N 642 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 25-ноябрындагы

N 642 токтому менен

бекитилген

 

Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн

ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 17-июнундагы N 239 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

Бул Эрежелер орточо эмгек акыны эсептөөнүн:

- пенсия чектөөдөн;

- кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун төлөөдө анын өлчөмүн аныктоодон;

- жумушсуздук боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерден башка бардык учурларда колдонулат.

1. Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн эсептик мезгил болуп тиешелүү төлөп берүү жүргүзүлгөн учурдагы 12 календарлык ай (айдын 1инен кийинки айдын 1ине чейинки) эсептелет. Коллективдүү келишимде эсептөө үчүн кызматкердин абалын начарлатпоочу башка мезгилдер каралышы мүмкүн.

Айрым мекемелердин ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен эсептелүүчү мезгил болуп ал төлөөгө байланышкан окуядан мурдагы 12 календарлык ай (1-күндөн 1-күнүнө чейин) эсептелиши мүмкүн.

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 239 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Иш убактысынын суммалык эсеби колдонулган мекемелерде орточо эмгек акыны эсептөө үчүн бир сааттык орточо эмгек акы пайдаланылат.

Бир сааттык орточо эмгек акы эсепке алынуучу мезгилдеги эсептелген эмгек акынын суммасын ошол мезгилдеги иш сааттардын санына бөлүү жолу менен аныкталат, мында өндүрүштүк календарга ылайык бир жылдагы иш сааттардын айлык орточо саны колдонулат.

4. Отпускага төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы жана пайдаланылбаган отпуска үчүн төлөнүүчү компенсация акыркы 3 календарлык айда эсептелген эмгек акынын суммасын 3кө жана 29,6 га (бир айдагы календарлык күндөрдүн орточо саны) бөлүү жолу менен эсептеп чыгарылат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө ушул Эрежелерде каралган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген иш эмес майрам күндөр эсепке алынуучу мезгилге киргизилбейт.

6. Минималдуу эмгек акы, кызматкерлердин эмгек акылары жогорулатылган учурда, орточо эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынуучу мезгилдеги төлөмдөр жогорулатуунун коэффициентине жараша көбөйтүлөт.

7. Кызматкер узак убакыт бою, анын ичинде аргасыз токтоп калуу себеби боюнча иштебеген учурда орточо эмгек акы отпускага төлөө жана пайдаланылбаган отпускага компенсацияларды төлөп берүү үчүн ушул Эрежелерге ылайык, иштеген акыркы үч айдагы эсептелген эмгек акынын суммасын инфляцияны эске алуу менен жогорулоо коэффициентине жараша көбөйтүү менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Орточо эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда иштебеген мезгил эсепке алынуучу мезгилге киргизилбейт, алар:

- кызматкердин орточо эмгек акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнсө же сакталса;

- кызматкер убактылуу ишке жараксыздыгы боюнча пособие же кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие алса;

- майып баласын багып жаткан кызматкерге, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 311-ст. ылайык кошумча эс алуу күндөрү берилсе;

- кызматкер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 172-ст. ылайык акы төлөнбөөчү отпускада болуп келсе;

- кызматкер башкача учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акысын толук же бир бөлүгүн сактоо менен же акы төлөнбөстөн иштен бошотулса;

- кызматкер мекеменин, цехтин, өндүрүштүн иши токтотулганына байланыштуу токтоп турган учурда иштебесе;

- кызматкер иш таштоого катышпаса, бирок ага байланыштуу өз милдетин аткарууга мүмкүндүгү болбосо.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 239 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Орточо эмгек акыны эсептөөдө эмгек акы төлөөгө тиешелүү сыйлыктардын тизмесине киргизилген төлөмдөр эсепке алынат.

10. Эмгек акы төлөө системасында, сыйлык берүү жөнүндө жоболордо каралып, эсепке алынуучу мезгилде эсептелген такай же мезгил-мезгили менен болуучу сыйлыктар жана кошумчалар, коллективдүү келишимдерде жазылган сыйлык иретиндеги башка төлөмдөр орточо эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

- бирдей эле көрсөткүчтөр үчүн ай сайынкылар - эсепке алынуучу мезгилдин ар бир айы үчүн бирөөнөн ашык эмес;

- 1 айдан ашык иш мезгилиндеги, бирдей эле көрсөткүчтөр үчүн эсепке алынуучу мезгилдин ар бир айы үчүн бир айлык бөлүгүнүн өлчөмүнөн ашпастан бирөө гана.

Бир жылдын ичинде эсептелген жыл жыйынтыгы боюнча сыйлыктар жана иштеген жылдары (иш стажысы) үчүн бир жолку сыйлыктар орточо эмгек акыны эсептөөдө 1/12 өлчөмүндө, ал эми кварталдыктар - эсепке алынуучу мезгилдин ар бир айы үчүн 1/3 өлчөмүндө, эсептелген убактысына карабастан эсептелет.

Эсепке алынуучу мезгилге туш келген убакыт толугу менен иштелбеген учурда, сыйлыктар жана башка көтөрмөлөөчү төлөмдөр орточо эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынуучу мезгилде иштелген орточо эмгек акыга пропорциялуу эсепке алынат.

11. Эсепке алынуучу мезгилдеги иш убактысынын нормасын толук иштеген кызматкердин орточо эмгек акысы бардык учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн аз болбойт.