Биз профсоюз комитетинин ар бир мүчөсүнүн социалдык жана жарандык укугун коргоону билишибиз керек

Бул билим берүү мекемелеринин райондук профсоюз комитетинин жүргүзүп жаткан ишинин натыйжасында, бала-бакчалардын, мектептердин техперсоналдары дагы 2013-жылы райондук профсоюз комитетине мүчөлүккө өз ыктыялары жана демөөрчүлүгү менен өтүшкөн. «Сиздер көз карандысыз эң күчтүү орган болушуңуздар керек, ал үчүн сиздер өз укугуңуздарды, кызматкерлердин укуктарын, билим берүү, мектепке чейинки билим берүү мыйзамдарын, эмгек кодекстерин мыкты өздөштүрүүңүздөр керек. Анткени, Профсоюз уюму эң гумандуу уюм болуусу керек.
08.04.2014 1092 Кесиптик бирлик региондордоМектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун арасында өткөрүлүүчү чыгармачылык таймаш

2014-жылдын 5-апрелинде Ала-Бука районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “2014-жыл Кыргыз Республикасында мамлекеттүүлүктү бекемдөө”. Кыргыз Респупликасынын Билим,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Б.К. “жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар “ жылына карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик билимин жогорулатуу, иш тажрыйбаларын жайылтуу, чыгармачылык таланттарын көрсөтүү менен мамлекеттик маданиятты көтөрүү, улуттук каада-салттарды жандандыруу, ынтымакты, достукту чыңдоо, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, профсоюзда жаштардын ишмеррдүүлүгүн өстүрүү гүлдөп өсүшүнө кам көрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун арасында “Тапкычтар, шайырлар, таланттуулар” таймашы өткөрүлдү.
08.04.2014 1272 Кесиптик бирлик региондордоНоокат райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин бүгүнкү күндө 5500 мүчөсү бар, деп билдирди профсоюздар комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева. Анын айтымында, эгерде 2012-жылы сентябрь айында аталган комиттетте 4150 мүчө катталган болсо, 2013-жылдын сентябрь айында алардын саны 5500 адамга жеткен. «Көрсөткүчтүн мындай жогорулашына район аймагындагы бала-бакчалардын мугалимдери, кызматкерлери жана техника кызматкерлери, ошондой эле мектептердин дагы техника кызматкерлери өз ыктыярлары менен мүчөлүккө өтүүсү себеп болгон. Буга чейин техкызматкерлер айыл өкмөттөрдүн профсоюз комитетине мүчө болуп турушкан эле. Катталган 5500 профсоюз мүчөсүнүн 4700 аялдар болсо, 1800 мүчөсү 35 жашка чейинки жаштар түзөт
08.04.2014 1255 Кесиптик бирлик региондордоМетодикалык жардам берүүнүн айлыгынын жыйынтыктары жөнүндө

Март айындагы методикалык айлыктын алкагында Майлуу-Суу, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Көк-Жаӊгак райондук, шаардык комитеттеринде жардам берүү уюштурулду. Аталган райшааркомдордо райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Г.Карашова, Б.Садыков, Т.Усенов, РК төрагасы А.Исмаилов, Э.Мурзахмедовалар катышышты.
01.04.2014 1259 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-тарбиячылардын көйгөйүн чечүүгө аракеттер көрүлүүдө

Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитети тарабынан укуктарын коргоо максатында төмөндөгүдөй иштер аткарылып жатат.. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин № 185 беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 токтомунун негизинде 2013-жыл үчүн мектеп, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринин өз билимин өркүндөтүү боюнча курстарга барып келген сапар чыгымдарын үч тараптуу келишимдин негизинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан төлөп берилиши керек.
01.04.2014 1188 Кесиптик бирлик региондордо“Баланын укугун коргоо максатында ” атайын рейд уюштурулду.
.jpeg)
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен, мектеп окуучуларынын каникул ичиндеги кыймылына көз салуу максатында атайын рейд уюштурулууда. Бул туурасында Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнмүнүн башчысы Муктар Маматалиев билдирди. «Анткени, баланын каникул ичиндеги убактысын оор жумуштарга эмес, ар кандай маданий иш-чараларга катышууга багыттоо керек. Кээ бир ата-энелер балдарын ар кандай акча табуучу жумуштарга иштетүүсүнө жол берүүдө. Буга каршы туруп, мектептерде ар кандай маданий массалык - иш-чараларды уюштурууну колго алуу зарыл. Бала өзүнүн балалык доорун татыктуу өткөрүүгө укуктуу», - деди бөлүм башчы иш-чаранын жүрүшүндө.
01.04.2014 1311 Кесиптик бирлик региондордоЧечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи

Ачылуу аземи учурунда аким Б. Атиев: Биз окуган мезгилде Кара-Таш айыл амагында бир да спорт зал жок, биз суукта болобу, ысыкта болобу эшикте ойночубуз, жакшы ойночубуз, бирок борбордогу спорт залга барганда мелдештерден утулуп калчубуз. Ошондуктан ден соолукту чындоодо спорт залдын ролу өтө чоӊ экендигин билдирди. Бул спорт залдын курулуусу ЖКнын вице - спикердин такай көзөмөлүндө болгондугу, анын жалпы эле Ноокат районундагы курулуштарга кошуп жаткан салымы зор
26.03.2014 1629 Кесиптик бирлик региондордоМакулдашуулардын ролун көтөрүүгө жетишели!

2014-жылдын 19-март күнү №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин чогулуштар залында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы менен Ноокен райондук комитеттин президиумунун биргелешкен кеӊешмеси болуп, анда 55 мектептин, 28 бакчанын директорлору, 4 мектептен тышкаркы мекеменин жетекчилери, райБББнүн адистери катышты.
26.03.2014 1141 Кесиптик бирлик региондордоКүчтүү даярдык менен өткөн сынак.

2014-жылдын 18-19-март күндөрү "Жыл мугалими-2014" кароо сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Жылдагыдан айырмаланып калыстар тобунун курамы жаш чыгармачыл мугалимдерден, жыл мугалимдеринен түзүлүп, комиссиянын мүчөлүгүнө райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаеванын сунушу менен баштапкы профсоюз уюмунан дагы калыстар тобуна кошулду. Ошондой эле сынактын калыс, адилет өтүүсү үчүн 5 адамдан турган байкоочу кеӊеш түзүлдү.
25.03.2014 1410 Кесиптик бирлик региондордоОш ОПК менен Кара-Суу РПКнын биргеликте өткөргөн көчмө семинары болуп өттү
.jpeg)
Кара-Суу району абдан чоӊ район болгондугуна байланыштуу, каралуучу маселелер жеткиликтуу болуусу учун 2 зонага болунуп, 20-февралда райондогу ВЛКСМ орто мектебинде 1-зонада, 27-февралда 2-зонада Агартуу орто мектебинде болуп, бардыгы 110 баштапкы профсоюз уюмдарынын лидерлери катышышты. Семинар практикалык көрсөтмөлүү пайдалуу болуусу учун ВЛКСМ орто мектеби жер титирөө мезгилинде кызматкерлер жана окуучулар эвакуациялык планга ылайык чыгуу керектиги көрсөтүлүп, тийиштуу документтер медициналык биринчи жардам кандай көрсөтүлүүсү керектиги көрсөтүлдү.
25.03.2014 1277 Кесиптик бирлик региондордо«2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатындагы семинар

2014 жылдын 11-13 март күндөрү Сузак районунда Профсоюздун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин жана Жалал Абад обкомунун Сузак райкомунун бүгүнкү күнү жүргүзүп жаткан иштери жана Профсоюздун Борбордук Комитетинин «2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатында семинар болуп өттү. Семинарга райондогу 139 баштапкы уюмдардын башчылары жана Жалал Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов катышып профсоюздун Борбордук Комитети, Жалал Абад обкомунун бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө кеӊири маалыматтарды берди.
25.03.2014 1137 Кесиптик бирлик региондордо