21-февраль күнүн советтик аскерлердин Ооган жеринен чыккандыгынын 25 жылдыгына карата

Ош областтык билим жана илим кызматкерлер профсоюз комитети 21-февраль күнүн советтик аскерлердин Ооган жеринен чыккандыгынын 25 жылдыгына жана Мекенди коргоо күнүнө карата билим берүү тармагында эмгектенген райшаар жана ЖОЖдогу Ооганчы мугалимдер менен жолугушуп ар бирине 1000сомдук материалдык жардам жана куттуктоо баракчаларын тапшырды. Майрамдык куттуктоолорду тийиштүү жогорку бийликтен чакырылынган кызматкерлер да айтып өтүштү. Майрамдык куттуктоодон кийин чай уюштуруу менен узатылынды.
03.03.2014 1272 Кесиптик бирлик региондордоОбласттык тармактык профсоюз комитеттери жана областтык профсоюздар кеӊеши тарабынан “Cоциалдык адилеттүүлүк күнү” өткөрүлдү

2014-жылдын 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Өкүлчүлүгүнүн чоӊ залында губернатордун орун басары, областтык мекеме ишканалардын жетекчилери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик мекеме ишканаларда иштешкен профсоюз мүчөлөрү катышкан социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.
03.03.2014 1225 Кесиптик бирлик региондордо«Жаӊы багытка» ак жол!
2014-жылдын 26- февралында Момбеков айыл аймагындагы №16 Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинин чогулуштар залында Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 5-Пленуму өткөрүлүп, анда төмөнкү маселелер каралды:
28.02.2014 1315 Кесиптик бирлик региондордоДене тарбия мугалимдерине урмат жана даӊк!
2014-жылдын 22-февралында Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» спорттук сарайында Ноокен районунун билим берүү кызматкерлеринин кышкы спартакиадасы «2014-жыл- Жаштардын жана профсоюздук ишмердүүлүктү жаӊы инновациялардын жылына» карата, райондун ардагер дене-тарбия мугалимдеринин урматына жана 23 -февраль Ата Мекендин коргоочулардын майрамына карата өткөрүлдү.
27.02.2014 1370 Кесиптик бирлик региондордоИш кагаздарын аткаруу тартиби боюнча райондук билим берүү мекемелеринин директорлорунун семинарлары болуп өттү

2014-жылдын 21- февраль күнү Көк-Жар айыл аймагындагы М. Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинде, 22-февраль күнү Т. Зулпуев айыл аймагындагы Б. Атишев орто мектебинде, 25-февраль күнү Н. Исанов айыл аймагындагы Алтын-Казык орто мектептеринде мектеп директорлорунун “Иш кагаздарынын аткаруу тартиби ” деген аталышта практикалык окуу семинарлары болуп өттү. Семинарларды Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчу адиси М. Каратаевалар жетектеп, анда билим берүү мекемелеринде иш кагаздарынын аткаруу тартиби, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдарды төлөө тартиби, Сапар чыгымдарын төлөө нормалары, Кепилдиктер жана компенсацияларды төлөө нормалары боюнча атайын даярдалган слайддык материалдар менен окуулар өткөрүлдү.
26.02.2014 1850 Кесиптик бирлик региондордоНоокат районундагы Х. Самиев орто мектебинде профсоюз уюмдарынын төрага төрайымдарынын райондук семинары

Семинарга Ош облустук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев жана анын аппарат кызматкерлери, Ноокат райондук профсоюз уюмунун төрайымы С. Шанабаева, Нокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар боюнча адиси М. Каратаева жана район аймагындагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары катышты.
21.02.2014 1375 Кесиптик бирлик региондордоЭмгек жааматы жана профсоюз.

Биздин К.Раимбеков атындагы мектептин эмгек жамааты Эгемендүүлүк жылдарынан бери билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөсүбүз. Райондук, областтык жана республикалык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитеттери биздин укуктарыбызды, кызыкчылыктарыбызды ар тараптан коргоп, усулдук көрсөтмөлөрдү жана жардамдарды берип келет. Ошондой эле түрдүү иш - чараларды, кароо-сынактарды, спартакиаларды өткөрүү менен кызматкерлердин эс алууларын уюштурат.
18.02.2014 1287 Кесиптик бирлик региондордо«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

Биз,Чон-Алай районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөлөрү акыркы мезгилдерде «Эркин профсоюздар конфедерациясын» түздүк деп жатышкан Н.Асанов менен Н.Дуйшонбеков деген атуулдардын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстан профсоюздар федерациясына,анын торагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин адресине курулай жалаа жаап, ар түрдүү дооматтарын айтып жаткандыгына тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз. Аталган атуулдар өз алдынча «Эркин профсоюздар» түзөбүз десенер профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып,өзүнөрдүн уставыңар менен иш жүргүзө бербейсиңерби?
18.02.2014 1311 Кесиптик бирлик региондордоКадамжайда жыл жыйынтыгы чыгарылды

2014-жылдын 12-февраль күнү Кадамжай районунун билим берүү профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган кенейтилген президиуму болду. Аталган кенейтилген президиумга Баткен областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков. Билим берүү кызматкерлеринин профсозунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков, акимдин орун басары Т.Илиязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев жана мектеп директорлору, мектептердин профсоюз комитетинин төрагалары, балдар бакчаларынын тарбиячылары катышышты.
14.02.2014 1212 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздук окуу-семинар болду

Ош областтык билим, илим профсоюз комитети Өзгөн райондук, Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарын катыштырып, 12-февраль күнү Өзгон шаарында профсоюздук окуу-семинар өткөрдү. Окуу-семинарга 120 профсоюз лидерлери катышышты. ОПК тарабынан «2014-жыл баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатуу жылы» деп кабыл алынгандыгына байланыштуу окуу-семинардын планында укуктуулукту коргоо, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, жамааттык келишимдердин маани-маңызы жана анын аткарылышы , эмгек акынын нускамага ылайык туура эсептелинип берилиши, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жолокпулдардын туура эсептелинип жобого ылайык берилиши, баштапкы уюмдардагы документация иштери, туруктуу комиссиялардын иштоо тартиптери жөнүндө маселелер камтылды.
14.02.2014 1195 Кесиптик бирлик региондордо«Профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте!»

2014-жылдын 11-12-февраль күндөрдү Ноокен районунун 88 баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагалары менен семинар өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооптор Борбордук Комитетин сайтындагы материалдар менен берилди. Семинарда чыгып сүйлөгөндөр профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте экендигин белгилешип, ар бир профсоюздук лидер өзүнүн ишинде мыкты иштегенде гана кубаттуу чоӊ күч болорун белгилешти. З тараптуу, 2 тараптуу жана жамааттык келишимдердин аткарылышына жетишүүнү камсыздоо негизги милдеттер экендигине токтолушту.
13.02.2014 1162 Кесиптик бирлик региондордо