Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алай районунда 17-18-апрель күнү № 1 Муса Адышев атындагы орто мектебиндеги райондук «Жыл мугалими 2014» сынагы

Алай районунда  17-18-апрель күнү № 1 Муса Адышев  атындагы орто мектебиндеги  райондук  «Жыл мугалими 2014» сынагы

Конкурс негизинен эки тур менен өтүп биринчи турга 23 мугалим, экинчи турга 9 мыкты мугалим катышып, өз тайжырыйбаларын райондогу жалпы мугалимдерге жайылтып, өз өнөрлөрүн да сынашты.

 08.05.2014      1926       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими - 2014» кароо сынагынын райондук туру Сузак районунда да салтанаттуу түрдө 25-26 апрель күндөрү болуп өттү

«Жыл мугалими - 2014» кароо сынагынын райондук туру Сузак районунда да салтанаттуу түрдө 25-26 апрель күндөрү болуп өттү

Кароо сынака район боюнча айыл округдардан жеӊип келген 20 мугалим катышышты. «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына арналып өткөрүлгөн бул сынакта З.Жамашев атындагы орто мектебинин мугалими Жумалиева Айниса жеӊип чыгып, областык турга катышууга жолдомо алды. Профсоюздун областык комитетинин төрагасы К.Мырзакматов келип, Борбордук Комитет тарабынан 2014-жыл жаштарды колдоо жылы деп жарыялангандыгын айтын кароо сынактын эӊ жаш мугалими Сатиева Чынарага жана сынактын жеӊүүчүсү Жумалиева Айнисага обком тарабынан «Мамакеев» санаториясына жолдомо берди.

 08.05.2014      1282       Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук профсоюз уюмунун кезектеги семинары болуп өттү

Токтогул райондук профсоюз уюмунун кезектеги семинары болуп өттү

Токтогул райондук профсоюз уюму профактивдерди окутуп-үйрөтүү максатында Мулкубат атындагы орто мектепте – “Мектепте көмөкчү чарбаны өнүктүрүү”. Эмгекти коргоонун укуктук негиздери жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу. Эмгекке жараша айлык акы кандай негизде төлөнөт. Тоолуу аймактык оор жерлерде жана өмүргө зыяндуу кызматтар боюнча» деген теманын алкагында семинар өткөрдү. Семинарга ар бир мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмдөрүнүн профсоюз уюмунун төрага, төрайымдары катышты.

 08.05.2014      1322       Кесиптик бирлик региондордо

«Жаш профсоюздук лидерлерди даярдоо негизги багыттарыбыздын бири» темасындагы окуу семинары

«Жаш  профсоюздук  лидерлерди  даярдоо негизги багыттарыбыздын  бири»  темасындагы   окуу  семинары

Ноокен районунун №34 «Жазгак», №13 Рахманжан атындагы орто мектептеринин, №11 «Ай-Нуру» бакчасынын базасында 2014-жылдын 23-24-апрель күндөрү 3 аймактын 88 баштапкы профсоюздук уюмдарынын жетекчилеринин окуу семинарлары «2014-жыл профсоюдук ишмердүүлүктө инновациялардын жана жаштардын жылы» иш-чараларынын алкагында болуп өттү.

 08.05.2014      1214       Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты уюштуруучусу – 2014” кароо сынагы

“Жылдын мыкты уюштуруучусу – 2014” кароо сынагы

2014-жылдын 30-апрель күнү Ноокен районуна караштуу №8 Тешебай Орозматов атындагы орто мектебинде “Жылдын мыкты уюштуруучусу – 2014” кароо сынагы болуп өттү. Сынакта сегиз уюштуруучу өз билимдерин жана талантарын көрсөтүштү.

 08.05.2014      1209       Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты класс жетекчиси-2014» райондук кароосу

«Жылдын  мыкты  класс  жетекчиси-2014»  райондук  кароосу

«2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата иш-чаралардын алкагында «Жылдын мыкты класс жетекчиси-2014» райондук кароосу 3 тур менен өткөрүлүп, 6-май күнү №16 Турусбеков атындагы орто мектебинин чогулуштар залында жыйынтыктоочу 3-туру болуп өттү.

 07.05.2014      1756       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 17-18-апрель күндөрү Республикалык семинар болуп өттү

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 17-18-апрель күндөрү  Республикалык семинар болуп өттү

Семинарга Республиканын Ысык – Көл, Чүй, Талас, Нарын, Жалал – Абад, Ош, Баткен областтарынын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары келип катышышты. Мындан тышкары Жалал – Абад Мамлекеттик Университетинин проректору, Ош Мамлекеттик Университетинин окуу-информациялык департаментинин директору, ф.-м.и.к., доцент Кожобеков К.Г. Билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүласал Садырбаева катышышты.

 29.04.2014      2190       Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусунун Ноокат районундагы «Жол кайгуул кызматынын жаш инспекторлору-2014» кароо сынагы

Ош облусунун Ноокат районундагы «Жол кайгуул кызматынын жаш инспекторлору-2014» кароо сынагы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2011-жылдын 14-мартындагы №178/1 буйругунун жана ички иштер министирлигинин 2011-жылдын 28-февралындагы №38 биргелешкен буйруктарына ылайык райондук билим берүү бөлүмүнүн жана балдардын чыгармачылык борборунун иш планынын негизинде “Жол кайгуул кыймылынын жаш инспекторлору-2014” кароо сынагынын райондук туру 2014-жылдын 25-апрелинде өткөрулду.

 29.04.2014      1462       Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими 2014» кароо сынагынын облустук этабы болуп өттү

Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими 2014»  кароо сынагынын облустук этабы болуп өттү

Жылдагыдан айырмаланып быйылкы «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо сынагына Мугалимдердин облустук профсоюз комитети 1- орунду алган мугалимге 2 адамга 12 күндүк жолдомо, 2- орунду алган мугалимге муздаткыч, 3- орунду алган мугалим кир жуучу машина белекке берилсе, ал эми калган катышуучуларга дагы өзгөчө баалуу белектер берилди. Биз мугалимдер менен биргебиз, аларды ар тараптан колдоону ар дайым колго алып келебиз. Биз мындан ары да сиздер мененбиз урматтуу мугалимдер - деди мугалимдердин областтык профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев

 28.04.2014      1515       Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ окутуучу-кызматкерлердин ден соолугуна кам көрөт

ОшМУ окутуучу-кызматкерлердин  ден соолугуна кам көрөт

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында окутуучу-кызматкерлер үчүн “Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү” борбору ачылды.

 28.04.2014      1449       Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими -2014», «Жылдын мыкты тарбиячысы-2014» Чүй райондук конкурсу.

«Жылдын мыкты мугалими -2014»,   «Жылдын мыкты тарбиячысы-2014»    Чүй райондук конкурсу.

Чүй райондук билим берүү бөлүмү менен райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети «2014-жылдын мыкты педагогу» конкурсун уюштурду. Райондук конкурска 28 мектептен 7 мугалим, 5 бала бакчадан 4 тарбиячы катышууга арыз беришкен. Бардыгы 11 конкурсант катышышты. 1-турда предметтик сабактар жана предметтик класстан тышкаркы иштер боюнча сабактар көрсүтүлүп, 2-турда предметтик тестирлөө, 3-тур жыйынтыктоочу тур болуп өттү.

 28.04.2014      1929       Кесиптик бирлик региондордо