Жалал-Абад облусунда «Кесиби боюнча мыкты» республикалык кароо-сынак жыйынтыкталды.
2013-жылдын 13-декабрында Билим, илим профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги Президиумунун жыйналышы болуп, анда Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы тарабынан жарыяланган «Кесиби боюнча мыкты» республикалык кароо-сынак жыйынтыкталды.
17.12.2013 1200 Кесиптик бирлик региондордоПрезидиум жыл жыйынтыгына арналды
2013-жылдын 13-декабрында профсоюздун Жалал-Абад обкомунун президиумунун кеңейтилген жыйыны өткөрүлүп, ал жыл жыйынтыгына арналды. Президиумдун башкы маселеси катарында «Кесиби боюнча мыкты» республикалык кароо-сынагынын облустук турунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр түрдүү даражадагы дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
17.12.2013 1178 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздар биримдикте аракеттенишет
Бардык эмгек жамааттарында эмгек адамынын социалдык жактан жана укуктук жактан корголушунда профсоюз уюмдарынын жүргүзүп келе жаткан иштеринин мааниси чоң Жалал- Абад областынын Кара- Көл шаарындагы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу бул жаатта жүргүзгөн иштериндеги тажрыйбаларын муниципалдык мекемелердин профлидерлери менен бөлүштү.
16.12.2013 1174 Кесиптик бирлик региондордоБиргелешкен жыйын өттү.
Жакында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун Ак-Талаа райондук комитети менен райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен кошмо жыйынын өткөрүлүп айда райондогу Шүкүрбек Бейшеналиев жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептеринде баштапкы профсоюз уюму менен мектеп жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мугалимдердин статусу» жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы» Кыргыз Республикасынын θкметунун 2011-жылдын 31-майындагы №270 токтому менен орнотулган дем берүүчү фонддун деңгээлиндеги төлөөлөрдө белгиленген тартипти жетишүүдө жүргүзүп жаткан иштери боюнч маселе талкууланды.
12.12.2013 1152 Кесиптик бирлик региондордоРайондун акими баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү менен жолугушту.
Ак-Талаа районунун акими Черикбаев Семетей Мырзабекович билим берүү бөлүмүнүн аппараттык баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү» жөнүндө токтомунун аткарылышы боюнча талкуу болду.
11.12.2013 1209 Кесиптик бирлик региондордоТогуз-Торо районун билим берүү уюмдарынын эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары боюнча эсептөөнүн жолдору тууралуу семинар өткөрүлдү
2013-жылдын 3-декабрында Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин жаңы эмгек акыларын төлөө жана эсептөө боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети, Жалал-Абад областтык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитети тарабынан «Билим берүү системасында кызматкерлердин эмгек акылары боюнча ченемдик-укуктук иш кагаздарын жүзөөгө ашыруу» деген темада семинар өткөрүлдү.
11.12.2013 1308 Кесиптик бирлик региондордоЮбилей Государственного педагогического института г. Кызыл- Кыя
7 декабря 2013года в г. Кызыл-Кыя прошли торжества в честь 15 летия Кызыл-кыйского государственного педагогического института, входящего в структурные подразделения Баткенского государственного университета.. В этих торжествах приняли участие председатель областного совета профсоюзов Баткенской области А.Казаков, председатель областного комитета профсоюза работников образования и науки З.Ботоков.
09.12.2013 1224 Кесиптик бирлик региондордо«Билим, илим профсоюзу бүгүн жана келечекте» деген темада райондук профсоюздук комитети өткөргөн иш-чара.
Ноокен районунда 2013-жылдын 29-ноябрь күнү №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин чоң залында «Билим, илим профсоюзу бүгүн жана келечекте» деген темада райондук профсоюздук комитетинин иш-чарасы болуп, 2 бөлүк менен өттү. 1-бөлүгү салтанаттуу азем, 2- бөлүгүндө семинар болду. 1-бөлүгү. Иш-чарага Билим, илим профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин бөлүм башчысы А.Т. Бегматов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.А. Исмаилов, райБББнүн башчысынын орун басары К.Н. Садыров, баштапкы профсоюздук уюмдардын 85 төрагалары, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү, чакырылган меймандар катышты.
05.12.2013 1481 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдер жаны конуштуу болушту
Жалал- Абад областына караштуу Кара- Кол шаарында кубанычтуу окуя болду. Союз мезгилинде башталып, ошол бойдон токтоп калган Завод көчөсүндөгү №4 үйдүн негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, квартиралардын ачкычтары ээлерине тапшырылды.Бул үйдү шаардын мэринин демилгеси менен мугалимдерге жана врачтарга берүү максатында иштер жүрүп, атайын тендер өткөрүлдү. 3 жылдык мөөнөткө ипотекалык кредиттерди алышып, социалдык тармакта иштеген 24 үй- бүлө , анын ичинде ШБББно караштуу мектептерде иштеген 4 мугалим квартиралуу болушту.
05.12.2013 1220 Кесиптик бирлик региондордоКаракол шаарында социалдык өнөктөшөр кубандырат
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Каракол шаардык профсоюз комитетинин ТӨРАЙЫМЫ Касмалиева Жыпар Усеновна шаардык мэриянын жыйындар залында шаардык депутаттар корпусуна, мэрге кайрылуу менен чыгып сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын август айында Каракол шаарынын билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусуна 100 (жүз) миң сом бөлүнүп, 3 күндүк эс алуу уюштуруп бергендиктерине чоң ыраазычылык билдируу менен мындай жакшы саамалыктар мындан ары да салтка айланып калаарына чон ишеним артаарын билдирди.
02.12.2013 1262 Кесиптик бирлик региондордоРабота Жалал-Абадского областного комитета профсоюза работников, образования и науки с средствами массовый информации за 2013 год.
Областным комитетом профсоюза проделана определенная работа с средствами массовый информации. В области с 1993года выпускается областная общественно-педогогическая газета «Дил»,с которой сотрудничают профсоюзные лидеры как первичных организаций , так и областного уровня. За 2013 год в газете «Дил» опубликовано 13 статей разных авторов, посвященных профсоюзной тематике. Обком в своей повседневной работе тесно сотрудничает с Жалал-Абадской областной телерадиокомпанией (ЖТР) и областными отделениями общественной теле-радио компании «ЭЛТР» и «7каналом»
02.12.2013 1378 Кесиптик бирлик региондордо