Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети уюштурган «Нооруз 2019» майрамы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети уюштурган «Нооруз 2019» майрамы

2019-жылдын 21-март күнү башкы имараттын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Кесиптик бирлик комитетинин уюштуруусу жана демөөрчүлүгү менен Нооруз майрамын жагымдуу маанайда белгилешти. Умай эне арча түтөтүп, салтанаттын катышуучуларын аластагандан кийин, Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин жаз майрамы менен окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров жана бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттукташты.

 26.03.2019      1030       Маалыматтык бюллетень

Балаӊды билимдүү болсун десеӊ – “Тарбиячы” тап

 Балаӊды билимдүү болсун десеӊ – “Тарбиячы”  тап

Мугалимдин кесибин даназалоо, мугалимдердин жаш муундарга мамлекеттик стандартка ылайык жаныча ыкмалар менен тарбия берүүсүнө көнүл буруу жана алардын алдынкы тажрыйбаларын таап, жайылтуу максатында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында Баткен шаарындагы Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 2019-жылдын 20-мартында “2019-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагынын шаардык туру өткөрүлдү.

 26.03.2019      784       Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамын Билим берүү тармагы сүмөлөк өткөрүү менен тосуп алды

Нооруз майрамын Билим берүү тармагы сүмөлөк өткөрүү менен тосуп алды

Жалал-Абад областы Базар-Коргон району Билим берүү бөлүмү жылда өткөрүлүүчү сүмөлөктү 20-март күнү кайнатышып 21-март күнү мугалимдерге жана Нооруз майрамына келген меймандарга жана райондун активдерине жана аксакалдарга сүмөлөктөн ооз тийгизип, батаа алышты. Сүмөлөктү ачуу иш чарасында райондун акими А.Карыбекович, РБББнын башчысы Т.Усенов РПКнын төрагасы С.Жаркымбаев жана райондун активдери, аксакалдары, мугалимдер катышты.

 26.03.2019      695       Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамы

Нооруз майрамы

2019- жыл 20 март күнү жер жарып кирип келген Нооруз майрамына карата Токтогул районунун борбордук аянтында бооз-үйлөр тигилип, келген конокторго тамактар тартылып берилип, майрамга арналган ар кандай оюн-зоок, кичи концерт болуп өттү. Оюндарды атай кетсек улуттук Кыргыз күрөшү боюнча, шахмат, кол күрөш, аркан тартыш оюндары уюштурулду. Бул иш чарага Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Зулпукарова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов болуп катышышты. Жэнүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай белектер берилди.

 26.03.2019      828       Кесиптик бирлик региондордо

НООРУЗ – УЛУСТУН УЛУУ КҮНҮ!!!

НООРУЗ – УЛУСТУН УЛУУ КҮНҮ!!!

“Нооруз”, “Жаңы күн”, “Жаңы жыл”- бул үч сөздүн айкашы бир маанинин баяны. Мына жаз көркүнө кирип келе жатат,.Нооруз майрамын майрамдоо ЖАМУнун жамаатында мыкты уюшкандыкта, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Улуу майрамдын негизги символдорунун башкысы болгон сүмөлөк, көпчүлүк баштапкы уюмдарда 18-марттан бери кайнатылып, майрам шаңдуу башталган. Айрыкча “Медицина” факультетинин жана ”Башталгыч класстарды окутуунун теориясы жана методикасы” кафедрасынын студенттери активдүү катышышып, насаатчы апалардын көрсөтмөсү менен сүсөлөк кайнатуудагы иш

 26.03.2019      861       Кесиптик бирлик региондордо

А.Куттубаева 17 жылдан бери бала бакчада тарбиячы

А.Куттубаева 17 жылдан бери бала бакчада тарбиячы

Кара-Буура районунун Шекер айылынын 57 жаштагы тургуну Айнагүл Куттубаева 17 жылдан бери бала бакчада эмгектенип келет. Кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. - Жумушум эртең менен кетип, кеч келгениме карабай жолдошум, кайын энем макулдуктарын берип жумушка чыгарган. Бала бакчада балдар менен жүргөнгө өз балдарымдын кантип чоңойгонун билбей калдым. 17 жыл деп эле кулакка көп угулбаса, азыр да бала бакчага кэчээ эле киргендей сезимдер турат (күлүп). Бала бакчада иштөө башка кесиптерге салыштырмалуу кыйынырак. Балдарга эртеден кечке чейин баш-көз болуу кыйын жумуш. Жумуш оор, кечке чейин башың ооруйт. Үйгө кантип келип уктап калганыңды билбей каласың (күлүп). Ар бир тайпада 30дан бала бар. Аларды эртең менен 8:00до кабыл алып, тамактарын берип, сабакка даярдап, сабак бүткөндөн кийин уктатабыз. Бала бакчада кооптонуулар көп болот. Балдарды кулап, жыгылып калабы деп карап жүрөсүң, коркосуң. Кичинекей балдар ортодо тил табыша албай же бир нерселерин талашып бири-бири менен уруша кетишет. Аларды карайбыз.

 22.03.2019      1369       2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ырыстай эжейим менен сыймыктанам

Ырыстай эжейим менен сыймыктанам

Сиздерге мектепте мени окуткан эжейим тууралуу пикиримди Борбордук Комитеттин сайтына жарыялайт деген жакшы тилегим менен жиберип олтурам. Эжейим мага Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жайгашкан Манас орто мектебинде окуган кезимде чет тилден сабак берген, дүйнө таанымын татыткан, келечек жолумду ачкан, турмуш сабагын үйрөткөн. Мен азыр эжекемдин жолун жолдоп, келечек муундарды тарбыялоо тармагында эмгектенип жаткандыгыма абдан сыймыктанам, мында да эжемдин зор таасири бар деп айта алам. Анда урматтуу окурмандар, мен кеп кылайын деген эжекемдин аты-жөнү-Ырыстай Максүтовна Абдыжапарова.

 22.03.2019      1384       2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Маалымат каражаттары – профсоюз ишмердүүлүгүнүн күзгүсү

Маалымат каражаттары  – профсоюз ишмердүүлүгүнүн  күзгүсү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 6-съездинин жана кезектеги Пленумдарынын токтомдорунда профсоюздук ишмердүүлүктү чагылтырууну жакшыртуу максатында массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштоону тармактык обкомдорго, райшаардык комитеттерге жана баштапкы уюмдарга милдеттендирилген.

 22.03.2019      768       Кесиптик бирлик региондордо

Кут толгон Нооруз майрамы!

Кут толгон Нооруз майрамы!

Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамын чоң шаан-шөкөт менен майрамдашып келген. Бул кунү кыргыздар арча түтөтушүп, үй ичин, короолорун ар кандай жаман нерселерден аластап тазалашкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы каалоолорун айтышып, белектерди тартуулашкан. Таарынышып жүргондөр болсо ушу күнү бири-бирин кечиришип, жакшы ой-тилектерин арнашкан. Бул майрам бир гана Кыргызстанда эмес Орто Азияда жана Чыгышта бир нече мамлекеттерде белгилешет. Күн менен түн теңелген күн ыйык деп эсептелинип, жаңы жылдын келишин билдирген.

 22.03.2019      1066       Кесиптик бирлик региондордо

«Нооруз» майрамына арналган ретро ыр сынагы

 «Нооруз» майрамына арналган ретро ыр сынагы

Бүтүндөй түрк элдери даңазалап, даңктап келген Улустун улуу күнү «Нооруз» майрамынын урматына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайында майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде белгиленди. Салт болуп калгандай түнү менен сүмөлөк кайнатылып ректор Төлөбек Абдырахманов, университеттин кадырлуу аксакалы Топчубек Тургуналиев жана профсоюздук-окутуучулар жамааты майрамдык салтанаттын шаңын баштап беришти. Элибиздин нарктуулугун, маданиятка бай байыркы эл экендигин даңктаган ордо, күрөш, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар окуу жайдын алдындагы аянтта ойнотулуп, жеңүүчүлөргө аламан байгелер ыйгарылды. Бир ай мурун жарыяланган факультеттер аралык «Ретро ырлар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүн ошол сынак концерттик программа менен коштолуп, ар бир факультет 70-80-90-жылдарда атагы жаш жарган чыгармалардан аткарып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтө алышты.

 22.03.2019      842       Маалыматтык бюллетень

“Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болу өттү

“Америкалык   ырлар   2019  конкурсунун”  жарым  финалы  болу  өттү

2019-жылдын 17-мартында Кадамжай шаарынын маданият сарайында “Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болуп өттү. Конкурска Кадамжай районунун 18 мектебинен окуучулары АКШ ырчыларынын, музыканттарынын жана композиторлорунун ырларын аткрышты. Он конкурсант финалдык турга тандалып алынды. Жюрилер курамы төмөнкүлөр К.Галмаматова Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти. Жон Амос Поликарпе “Чек арасыз докторлор” Эл аралык уюмунун доктору. Г.Кадырова “Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртууга коомчулукту тартуу” проектисинин консультанты. Финалдык турга тандалып алынган 10 конкурсант окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белек берилди.

 22.03.2019      593       Кесиптик бирлик региондордо