“Социалдык өнөктөштүк” семинар-тренинг
2019-жылдын 18-апрелинде Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан башталгыч профсоюз комитеттери үчүн Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашыруу максатында Чүй районундагы балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда “Социалдык өнөктөштүк” темасында семинар-тренинг уюштурулду.
Семинар-тренингде тренерлер Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин профкому Жунушалиева Кенжегул, И.Борончиев атындагы орто мектебинин профкому Кумушбекова Элмира, Искра орто мектебинин профкому Рыскулова Жумагуль болуп 3 блок менен өтүштү. Семинар-тренингде жагымдуу маанай, мээге чабуул, топтордо иштөө, өз ишин анализдөө шарттары колдонулуп ар бир профкомдун активдүү катышуусун камсыздашты. Негизги маселе жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен жер-жерлерде социалдык өнөктөштүктү камсыздоо багытында иштерди алгылыктуу алып кетүүгө багытталды. Ошондой керектүү укуктук-ченемдик актыларды пайдалануу менен эле коллективдик келишимдерди, 3-тараптуу келишимдерди түзүүнүн план проектилерин иштеп чыгышты. Семинар-тренинг алдына койгон максатына ийгиликтүү жетти.
Төрага С.Наматов