“Акимдин иш сапары”
2019-жыл 9-чу апрель күнү “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында Токтогул районунун жаңы Акими Т.Т. Жайыловтун кезектеги таанышуу максатындагы иш сапары Токтогул райондук Билим берүү мекемесине келип соз сүйлөп, суроолорго жооп берип мекеменин иш жайы менен таанышты. Бул иш-чарада Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т. Исраиловтун суроо-сунуштарын угуп, колдоп жакынкы мезгилде чара көрөрүн айтып өттү. Токтогул шаар ичиндеги жана районго жакын жайгашкан айылдардагы интернети жок мектептерге жана бала-бакчаларга интернет маселеси боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берип чечип берэм деп убадасын айтты. Чогулушка Токтогул районунун Билим берүү мекемесинин жалпы жамааты, башчысы Д. Сулпукарова жана Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, зам. Аким Айна Нават кызы болуп катышышты. Аким Т.Т. Жайылов иш жүзү менен таанышып бүткөн соң Профсоюз комитетине жана Билим берүү мекемесине эң жакшы деген баа берди.
09.04.2019 665 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалимим-2019» кароо-сынагы Кара-Суу районунда жыйынтыкталды
Кара-Суу районунун мектептериндеги эмгектенип жаткан мугалимдердин арасынан эӊ мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 11-февралынданы № 13-2 буйругунун негизинде 2019-жылдын 5-6-апрель күндөрү « Жылдын мыкты мугалими -2019» кароо-сынагынын райондук этабы болуп өттү. Кароо-сынакка аймактардан жеӊүүчү болгон 18 алдыӊы чыгармачыл мугалимдер райондук этапка катышышты. 5-апрель күнү канкурсанттар сабактарын өтүштү, сабактарынан жогорку балл алган 11 канкурсант 6-апрель күнү экинчи турда катышышып кароо-сынакты улантышты. Жыйынтыгында 1 орунга № 118 Д.Султанов атындагы негизги мектебинин кыргыз тили мугалими Машрапова Айнура , 2-орунду № 33 Ш Интернационал орто мектебинин англис тили мугалими Нурланбек уулу Кубаныч, 3-орунду №30 Кызыл-Сарай орто мектебинин башталгыч класс мугалими Досуева Нартажи ээлешти.
09.04.2019 850 Кесиптик бирлик региондордоЧаткалда «Жылдын мыкты мугалими» аныкталды
Райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюздун райкому тарабынан түзүлгөн Макулдашууда мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана тажрыйбасын жайылтууга чоң мааны берилген. Аталган милдеттерди ишке ашыруу максатында 2019-жылдын 4-5-апрель күндөрү Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Таласбай Жаналиев орто мектебинде райондук "Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы болуп өттү.
09.04.2019 679 Кесиптик бирлик региондордоДень родного языка
21 февраля 2019 г. на базе д/сада «Нур бешик» прошел семинар для председателей первичных профсоюзных организаций Жайылского района. Председатели профcоюзных комитетов сш №4 Алгожоева Ч.Д., д/с «Лужок» Медетбекова Н.М., сш Орто-Суу Бейшебаева З.Т. и д/с «Нур бешик» Пасечникова О.Н. подготовили материал к Международному дню родного языка. В каждой школе и дошкольных учреждениях района ежегодно проводятся мероприятия, приуроченные этому дню. Также проведена викторина и игра.
09.04.2019 709 Маалыматтык бюллетеньКатраң орто мектебинин эмгек жамааты менен жолугушу
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү Лейлек районунун Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги Катраң айыл аймагына караштуу Катраң орто мектебинин эмгек жамааты менен жолугушу өткөрүштү. Жолугушу учурунда мектептин мугалимдеринин жана башка кызматкерлердин суроолоруна жооп беришип, пикир алмашуу болду. Ошондой эле кесиптик бирликтин төрагасы кызматкерлердин көйгөйлөрүн, сунуштарын угуп, билим жана илим кызматкерлеринин укуктары, жоопкерчиликтери, көрсөтүлө турган жардам, жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди.
09.04.2019 603 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун мугалимдери үчүн көчмө курс
2019-жылдын 22-мартынан баштап 30-мартына чейин Лейлек районунун Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин 425 мугалими Ош билим берүү институтунун педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу көчмө курстарынан окуп, сертификат ала алышты. Көчмө курс кыргыз тили, орус тили, англис тили, өзбек тили , физика, математика, география, дене тарбия предметтеринен жана башталгыч класстардын мугалимдери, окуу бөлүм башчылары үчүн өткөрүлдү.
09.04.2019 653 Кесиптик бирлик региондордоМУГАЛИМДИ СЫЙГА БӨЛӨГӨН САЛТТУУ СЫНАК
“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” жана “ Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 5-жылдыгына арналган “ Мугалим –коомдун күзгүсү 2019 ” аттуу республикалык кароо-сынактын финалдык туруна 7 дубандан иргелип, мыкты деп табылган 11 мугалим ат салышты. “Мугалим –коомдун күзгүсү 2019” кароо-сынагынын финалисттери: 1. Абдиева Г.Ю- Баткен облусунун Лейлек районунун Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин математика, информатика мугалими. 2. Жалилова Г.С-Баткен облусунун Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими.
09.04.2019 1525 2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Өкүмөттүн токтомдору аракетте
2019-жылдын март айында Ош, Кара-Суу аймагында(зонасында ) жайгашкан № 77 Хамза а.о.м., № 118 Дадан Султанов атындагы негизги мектебинин жана «Асилия» мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында 121 жалпы билим берүүчү мектептердин жана 73 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү. Семинардын максаты: Мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын кааналарын заманбап жабдуу, иш кагаздарын жүргүзүү жана Зыяндуу жумуш орундары үчүн кошумча төлөмдөр боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2015-жыл 27-апрелдеги №258 токтому жөнүндө кеӊири маалыматтарды жеткирүү.
09.04.2019 627 Кесиптик бирлик региондордоЗаседание межведомственной рабочей группы
3 апреля 2019года состоялось заседание межведомственной рабочей группы, в работе которой приняла участие сотрудник ЦКП работников образования и науки – Вера Бредихина. В ходе работы межведомственной группы был рассмотрен проект Постановления Правительства КР « Об утверждении перечня работ, на которых запрещается применение труда лиц в возрасте до 18 лет, рассмотрен и обсужден список работ, на которых запрещается применение труда лиц в возрасте до 18 лет. Также был рассмотрен, обсужден межведомственный проект плана мер по предупреждению и искоренению наихудших форм детского труда в КР на 2019- 2024годы. Участниками заседания были внесены поправки в межведомственны проект плана.
09.04.2019 788 Маалыматтык бюллетеньВизит делегации Оренбургского государственного университета
28 марта 2019 года ректор Оренбургского государственного университета (ОГУ) д.э.н., проф. Ермакова Жанна Анатольевна и начальник отдела развития международного сотрудничества и образования к.э.н. Докашенко Людмила Владимировна посетили КГУСТА им.Н.Исанова для ознакомления с университетом, с руководством, с коллективом и обсуждения вопросов для дальнейшего сотрудничества. Представители ОГУ показали презентацию об Оренбургском государственном университете, рассказали о возможностях для дальнейшего партнерства и ректоры двух университетов обменялись подписанными соглашениями. После официальной встречи была организована концертная программа творческих КГУСТА.
04.04.2019 777 Маалыматтык бюллетеньКадамжай районунун мектептериндеги тамактандырууну оптимизациялоо
Кадамжай районуна караштуу Үч-коргон айыл аймагындагы Жомий атындагы орто мектебинде Кадамжай райкомпрофсоюз комитетинин колдоосу менен “Окуучуларга ысык тамак уюштуруу” боюнча семинар өткөрүлдү. Семинар мектеп директорлордун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Семинардын максаты: Окуучуларды колдоо, ден-соолукту жана тамактанууну жакшыртуу. №20 Маканов атындагы орто мектебинин директору К.Мурзаева өзүнүн тажрыйбасы боюнча өтө жакшы слайд көрсөтүү менен айтып берди. Бардык мектептерге жайылтуу сунушталды.
04.04.2019 647 Кесиптик бирлик региондордо