Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Минобразования предлагает законодательно закрепить введение горячего питания в школах Кыргызстана

Минобразования предлагает законодательно закрепить введение горячего питания в школах Кыргызстана

Министерство образования и науки предлагает законодательно закрепить введение горячего питания в школах Кыргызстана. Соответствующий проект постановления министерство выносит на общественное обсуждение. «Проводимая работа по организации горячего питания для учащихся начальных классов показала свою актуальность и необходимость, но данный процесс законодательно не закреплен», - говорится в справке-обосновании. В целях повсеместного внедрения горячего питания для учащихся начальных классов общеобразовательных организаций республики и законодательного закрепления данной нормы, министерством была разработана новая редакция проекта Закона Кыргызской Республики «Об организации питания учащихся в общеобразовательных школах Кыргызской Республики».

 03.05.2019      969       Маалыматтык бюллетень

Жумгал районундагы конференция

Жумгал районундагы  конференция

2019-жылдын 26-апрель куну Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жумгал райондук комитетинде отчеттук кайра шайлоо конференция өттү. Райондук иш-чарага Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович катышты. Жыйында төрага Асылбек Токтогулов Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунда жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишкен ийгиликтер жөнүндө кеӊири маалымат берди.

 03.05.2019      704       Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөндө райондук спартакиада өткөрүлдү

 Өзгөндө райондук спартакиада өткөрүлдү

2019-жылдын  20-апрель  күнү Өзгөн районундагы  А.Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин базасында  билим    берүү     кызматкерлеринин      жазгы  28- спартакиадасынын финалдык туру болуп өттү. Спартакиада аймактарда спортту өнүктүрүү, ден-соолукту чыӊдоо жана   билим берүү кызматкерлеринин  арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлдү. Спартакиаданын  финалдык туруна 3  аймактан  спорттун  алты  түрүнөн I  жана II  орундарды  ээлеген  мектеп  командалары  жана жеке  оюнчулар  катышып, күч  сынашты.  Жыйынтыгында командалык оюндар боюнча спорттун волейбол түрүнөн  эркектер  арасында  А.Маматов атындагы орто мектебинин, ал эми аялдар  арасында  Д.Шопоков атындагы орто мектебинин, ордо  боюнча  А.Турабаев  орто  мектебинин, спорттун кичи футбол түрү боюнча Жазы аймагынын курама командалары  I  орунду  жеӊип  алышты.

 03.05.2019      685       Кесиптик бирлик региондордо

Кызматкерлердин Спартакиадасы өткөрүлдү

Кызматкерлердин Спартакиадасы  өткөрүлдү

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тейлөөдөгү кызматкерлер арасында спорттун алты түрү: волейбол, шахмат, стол тенниси, тогуз-коргоол, ордо жана кичи футбол боюнча Спартакиадасын окуу жайлар арасында 26-апрелде КӨУнүн спорттук базасында, рай-шаарлардын арасында 27-апрель күнү Кара-Суу районунун спорттук базаларында жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Спартакиаданын мандат комиссиясы катышуучулардын документациясын комиссиядан өткөрүшүп, калыстар тобу оюндардын жүрүшүн так, калыстык менен өткөрүп беришип, уюштуруучулар тарабынан ыраазычылыктарга ээ болушту.

 03.05.2019      674       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “Сергек коом” ураанынын астында спартакиада өттү

 Баткен шаарында “Сергек  коом”   ураанынын  астында  спартакиада  өттү

Баткен шаарында 2019-жылдын 19-апрелинде билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү. Спартакиада Баткен шаардык спорт комитетинин (башчысы Ж.Токсобаев) жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым М.Калыкова) демилгеси менен уюштурулду.

 03.05.2019      652       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздар татыктуу билим, тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн

Профсоюздар татыктуу билим, тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн

Кемин райондук кесип бирлик комитети тарабынан "Профсоюздар татыктуу билим ,тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн!" - деген семинар тренингин Кемин районундагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрайым, төрагаларына өттү. Семинарга Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Түлөбаева, Кемин райондук кесип бирлик Президиумунун мүчөлөрү, билим берүү мекемелеринин төрайымдары катышты. Семинардын максаты жаны шайланган профсоюз комиттеринин төрайым,төрагаларына КР билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерди социалдык жактан коргогон Мыйзамдарды тааныштыруу жана профсоюз уюмдарына керектүү иш кагаздары менен тааныштыруу,камсыз кылуу.болду. Семинардын катышуучуларына Кемин райондук кесип бирлик комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева Кемин райондук кесип бирлик комитетинин жүргүзгөн иштери тууралуу кыскача маалымат берди.

 03.05.2019      626       Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын эң мыкты тарбиячысы-2019” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү

“Жылдын  эң  мыкты  тарбиячысы-2019” кароо  сынагынын  райондук  туру  болуп  өттү

2019-жылдын 25-апрелинде Кадамжай районунда райкомпрофсоюз комитетинин колдоосу менен «Мыкты тарбиячы-2019» кароо сынагы болуп өттү. Иш чарага кароо сынактын аймактык турунда тандалып алынган алдынкы 4 тарбиячы катышышты. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзөшүп, педагогика, психология, филология боюнча суроолорго жооп беришип, актерлук чеберчиликтерин, алдынкы иш тажрыйбаларын көрсөтүштү. Кароо сынактын максаты райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин деӊгээлин көтөрүү, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуу тарбия иштерин уюштуруу, өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Иш чаранын жыйынтыгында «Айгүл» балдар бакчасынын тарбиячысы женуучу деп аталды.

 03.05.2019      938       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек майрамыңыздар менен!

Эмгек майрамыңыздар менен!

Урматтуу тармактык профсоюзубуздун мүчөлөрү! Эмгек майрамына байланыштуу чын дилден чыккан кызуу куттуктоолорду кабыл алып коюңуздар! Биринчи Май майрамы биздин бардык эмгекчилерибиз жана профсоюз мүчөлөрүбүз үчүн Эл аралык тилектештиктин күнү катары өз укуктарыбыз үчүн, мыкты жашоо үчүн күрөштүн күнү, бардык тараптан жаңыланууга, биздин жакындарыбыз жана туугандарыбыз үчүн жакшы турмуш орнотууга, ыйык Мекенибиз болгон Кыргызстаныбыздын келечегине карай жол көрсөткөн эмгекчилердин тилектештигинин символу болуу менен ар дайыма улуу майрам болуп келген жана боло берет.

 30.04.2019      1268       Маалыматтык бюллетень

65 лет начала подготовки инженеров-строителей и архитекторов ФПИ-КГУСТА

65 лет начала подготовки инженеров-строителей и архитекторов ФПИ-КГУСТА

25-26 апреля 2019 года ведущий строительный вуз в Кыргызстане КГУСТА им.Н.Исанова проводит Международную научно-практическую конференцию «Вызовы современности: инновационное развитие строительной отрасли, проблемы ее цифровизации и стандартизации», посвященную 65-летию начала подготовки инженеров-строителей и архитекторов ФПИ-КГУСТА, Году развития регионов КР и цифровизации страны.

 30.04.2019      1219       Маалыматтык бюллетень

Жаштар Кеңешинин семинары!

Жаштар Кеңешинин семинары!

2019-жылдын 27-апрель күнү Ноокен районунда “28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата райшаардык Жаштар Кеңешинин облустук семинары болуп өттү. Семинарга профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков катышты.

 30.04.2019      729       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо күнүнө карата

Эмгекти коргоо күнүнө  карата

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш чара түзүлүп, 2019-жылдын апрелинде тегерек стол профсоюз уюму тарабынан өткорүлдү.

 30.04.2019      669       Кесиптик бирлик региондордо