“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” семинар- тренинг
Жалал – Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында мектептер арасында “Кылмыштуулуктун алдын алуу” максатында Шаардык билим берүү бөлүмү жана профсоюздук комитети, ЖДПБу ,ШИИБ, Кара – Көл шаардык УКМК кызматкерлери, Кара – Көл шаардык прокуратурасы менен биргелешкен иш пландын негизинде “Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” -деген семинар- тренинг өткөрүлдү.
07.05.2019 7636 Кесиптик бирлик региондордоЭмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков жана Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.А.Заийтов 2019-жылдын 1-май күнү Баткен мамлекеттик телерадио компаниясынын танкы конок чыгарылышында областтын билим берүү кызматкерлерин 1-май эмгек майрамдары менен куттукташты.
07.05.2019 691 Кесиптик бирлик региондордо“Инновациялык ресурстарды колдонууаркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” шаардык семинарында мугалимдер тажрыйба алмашышты
Жалал-Абад областына караштуу Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинде “Инновациялык ресурстарды колдонуу аркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” деген темада шаардык семинар болуп өттү. Семинар Кыргыз Республикасынын Гимни менен жана мектептин директору С.Т.Жумабекованын кириш сөзү менен башталды.Куттуктоо сөздөрдү ШБББнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, шаардык кеңештин депутаты З.Бопошев, шаардык кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси Б.К.Мүсүралиев, ШБББнүн профсоюз комитетинин төрайымы А.К.Каракозуевалар сүйлөштү.
07.05.2019 815 Кесиптик бирлик региондордоЮБИЛЕЙНЫЙ ВЗЯВ РАЗБЕГ – НА СТАРТ ВЫШЕЛ ПОЛИТЕХ!
1 мая 2019 года в КГТУ им И. Раззакова в рамках юбилейных мероприятий, посвященных 65-летию ФПИ-КГТУ им. И. Раззакова, состоялся легкоатлетический юбилейный забег «ПОЛИТЕХ-65». Данный забег был организован по инициативе профсоюзной организации университета с целью популяризации здорового образа жизни, вовлечения студентов, сотрудников, детей в регулярные занятия спортом, в целях достойного представления нашего вуза флагмана инженерно технического образования не только в профессиональном плане, но и в мире спорта. Заместитель председателя профсоюзного комитета Нурматова С.А., возглавила организационный комитет.
07.05.2019 777 Маалыматтык бюллетень“Ден-соолук -2019” Лейлек районунда
2019-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылынын “Достук” орто мектебинде “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына ” карата жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, спортту пропагандалоо максатында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук -2019” спорттук мелдештин райондук туру болуп өттү.
07.05.2019 678 Кесиптик бирлик региондордоЧаткалда райондук семинар өткөрүлдү
2019-жылдын 30-апрелинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук комитети тарабынан КР. Президентинин 2019-жыл-"Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата кабыл алынган иш чаралардын алкагында райондогу мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары жана мугалимдердин кесиптик бирликтеринин башчылары катышкан жыйын өттү.
07.05.2019 717 Кесиптик бирлик региондордоОшМУдан маалымат
Студенттерге профсоюз билеттери менен ыраазычылык каттар тапшырылды 26.04.19. ОшМУда ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттер кесиптик кошуунга кабыл алынып, төрага Абдыжапар Ураимович аларга профсоюздун билеттерин тапшырды. Өз сөзүндө агай тартуу кылынган билеттер ээлеринин эмгектик жана социалдык укуктарын коргоого жардам берип, ишкердиктин бардык чөйрөсүндө аларга кесиптик кошуундун кызматтарынан кенен пайдалууга жол ача тургандыгын белгиледи. ОшМУнун профсоюз уюму мобилдүүлүккө келген студенттерге ар дайым кам көрүп келет. Үстүбүздөгү семестрде үч маал ысык тамак менен камсыздап, ден соолукту чыңоого шарт түзүүчү профлакторийге ар ай сайын ондон орун бөлүп берип турду. Мындан тышкары айрым иш-чараларга демөөрчүлүк дагы кылды. Бул үчүн Абдыжапар Ураимовичке эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жана жалпы мобилдүү студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
07.05.2019 681 Кесиптик бирлик региондордо“Эмгек менен эс алуу” Билим берүү жетекчилеринин билимин жогорулатуу семинар-эс алуусу
2019-жылдын 1-майында Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында “Эмгек менен эс алуу” девизинин алдында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашыруу максатында “Адилетүү келечек” коомдук уюму менен биргеликте Чүй районундагы Кегети капчыгайында билим берүү мекемелеринин жетекчилерин жана билим берүү бөлүмүнүн аппаратын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү.
07.05.2019 795 Маалыматтык бюллетеньАлдынкы тажрыйба аймакка жайылтылды
Кара-Көл шаарындагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинде 19-апрелде «Жаңы муунга жаңы окуу усулдар» аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Көл шаарларындагы бала бакчалардын тарбиячылары жана мектеп мугалимдери, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты. Катышуучулар аталган мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Винара Октонбекованын чыгармачылык отчету менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты.
07.05.2019 738 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси
2019-жылдын 24-апрель күнү Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана 67 мектептин директорлору катышышты.
07.05.2019 650 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар болуп өттү
2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы Кочкор-Ата колледжинде “Ханнс Зайдель” фондунун колдоосу менен 26-апрелде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы укуктук мамилелер” аталыштагы микротренинг болуп өттү.
07.05.2019 692 Кесиптик бирлик региондордо