Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагындагы балдар үчүн жайкы эс алуу

Таш-Көмур шаардык билим берүү бөлумүнө караштуу мектептердин башталгыч класстары үчүн,тактап айтканда 1-4-класстардын окуучуларына  “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында жайкы эс алуу-өнүктүрүүчү лагери уюшулду. Бул эс алуу лагерин башталгыч класстарынын мугалимдери топторго бөлүп,жаш курактарына ылайык иш-чараларды өткөрушөт. Мугалимдер атайын даярдыктан өтүшүп, толук курсту аякташкан. Быйылкы окуу жылында шаардык билим берүү бөлумүнүн жетектөөчү адиси Г.А.Эргешова  жана шаардык метод. Кабинеттин директору А.Мамасалиевалар шаардын башталгыч класстар мугалимдеринин билимин өркүндөтүү боюнча  “Келгиле окуйбуз” долбоорунун толук курсун окутушту. Бул долбоор боюнча жаш жеткинчектер 3 кадам менен иш алып барышат.

1-кадам: Китеп окууга түздөн-түз тиешелүү оюн көнүгүүлөр

2-кадам: Китеп окуу элементтерин камтыган кыймылдуу оюндар

3-кадам: Окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган чыгармачыл оюн-көнүгүүлөр

Шаарыбыздын Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан мектептерде 3-7-июнга чейин,ал эми шаар ичиндеги мектептерде 10-14-июнга чейин улантылмакчы. Бул эс алуу лагеринин уюшулушун ата-энелер колдошуп, өздөрунүн ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

 

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева