Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ведомстволук сыйлыктар тапшырылды

2023-жылдын 18-январында билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагына кошкон өзгөчө салымы, ар тараптуу кызматташтыгы жана жигердүү ишмердиги үчүн министрликтин өнөктөштөрүнө “Кызматташтык салымы үчүн” медалын тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде алгач министрликтин Стратегиялык пландоо, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Евгения Бойко 2022-жылда өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашкан негизги жетишкендиктер жана 2023-жылга карата коюлган пландар боюнча баяндама жасады.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлөрү жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов катышып “КЫЗМАТТАШТЫК САЛЫМЫ ҮЧҮН” МЕДАЛЫ менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен билим берүү чөйрөсүнө дайыма ар тараптуу колдоо көрсөткөн (мектеп, бала-бакча, спорт залдарын салуу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын оңдоо, жаңыртуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу ж.б.), тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети