Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Социалдык өнөктөштөрдүн демилгеси

Ноокен  райондук  мамлекттик администациясынын  башчысы  Осмонов  Абдрахман  Куватовичтин  демилгеси  менен  райондо 6 негизги  багыттагы  тематикалар  боюнча  «Коомдук  тарбиялык  семинарлардын»  пландары  2013-2014- окуу жылдары  үчүн  бекитилип,  2013-жылдын     27-ноябрь  күнү «Мектеп  рэкетине,  суицидке,  кылмыштуулукка  каршы алдын  алуу  чаралары»  темасындагы  семинарлар уюштурулду  Шайдан, Масы, Арал айыл  аймактарындагы  мектептердин  265  өкүлдөрөнө  өткөрүлдү. Коомдук  семинарларга  райондун   прокурору Т.Т.Кожошев  «Билим  беруу  тармагындагы  коррупциялык  корунуштордун абалы жана алдын   алуу  жолдору» темасында , райБББнун башчысы Б.С. Козуев   «Мектептердеги  рэкетчиликти  жоюнун  чаралары », райондук  ИДНдин  башчысы А. Нышанов «Кылмыштуулуктун алдын алуу  иш-чаралары» темалары боюнча семинар өткөрүштүү. Эл аралык уюмдар тарабынан тартылган «Кыргызстандагы  мектеп рэкети»  темасындагы кино тасма катышуучуларга өзгөчө  таасыр калдырды. Семинар  боюнча ата-энелер,  мугалимдер, директорлор, тарбиялык иштердин уюштуруучулары, окуучулар чыгып сүйлөшүп, ой-пикирлерин, сунуштарын  билдиришти. Семинар кызыктуу, мазмундуу өттү. Райондун башка айыл аймактарында ушундай семинарлар улантылат. Катышуучулар семинардын уюштуруучуларына  ыраазычылыктарын  билдиришти