Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Социальное партнерство

Профсоздук комитеттин ишмердүүлүгү

К.Карасаев атындагы Бишекек мамлекеттик университетинин профсоюздук комитетти тарабынан “Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркында, Профсоздук комитеттин ишмердүүлүгү: көйгөйлөр, кызматташтыгы - деген теманын алкагында бир күндүк семинар уюштурулду. Семинарга КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси-юрист Кадыркулов Бедил Мешкенович, профкомдун ички комиссия, бардык факультет, бөлүмдөрдүн профбюросунун башчылары ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана кызметкерлери үчүн бардыгы болуп 45 киши катышты. Семинарда окуу жайда профсоюздук комитеттин ишмердүүлүгү, кызматкерлер менен иштөөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси-юрист Б.М. Кадыркулов учурдагы көйгөйлөр, чечүү жолдору тууралуу кеңири тааныштырды.

 

Маалыматты даярдаган: Бишекек мамлекеттик университетинин КБКнын төрагасы А.Кудайкулов