Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Нооруз майрамы белгиленди

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чараны КМТУнун  ректору М.Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана университеттин ректорунун кеңешчиси А.Абдыкалыков куттуктоо сөздөрү менен ачышты.

Иш-чаранын алкагында университеттин борбордук аянтчасында боз үй тигилип, кызматкерлерге, студенттерге жана конокторго сүмөлөк жана башка кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды.

Майрамдык иш-чара "Учур" театрынын театралдаштырылган  оюн-зоок программасы менен коштолду. Андан тышкары университеттин кызматкерлеринин арасында спорттук жана улуттук оюндары боюнча мелдеш уюштурулуп, байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: КМТУнун кесиптик бирлик комитети