Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Мыкты социалдык өнөктөш

Ноокен райондук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын мэриясында болушту.

Анда Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Жумаев менен шаардын мектеп жана бала бакчаларынын материалдык базасын чыңдоо, мугалимдердин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилиши  боюнча жетишкендиктер, алдыда пландалып жаткан иштер боюнча сүйлөшүү болду.

Ошондой эле Жумаев Алтынбек Токтомуратович социалдык өнөктөш катары билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, мугалимдердин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилиши багытында аткарып жаткан алгылыктуу иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Билим жана илим кызматкерлеринн кесиптик бирлигинин Борбордук Комитеттин “Профсоюздун отличниги” төш белгиси тапшырылды.

Алтынбек Токтомуратович 2017-жылдан тартып Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп эмгектенип келе жатат. Бул жылдар аралыгында түзүлгөн Үч тараптуу келишимдердин негизинде Кочкор-Ата шаарындагы мектеп жана бала бакчаларынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө өзүнүн зор салымын кошуп, мыкты социалдык өнөктөш экендигин далилдей алды.

2022-жылда Кочкор-Ата шаарынын мектеп, бакчаларына жалпы тартылган инвестициялардын суммасы 23 778 704 сомду түздү. Андан сырткары 158 мугалимге 632 000 сом коммуналдык чыгымдары төлөнүп берилген.

 

Маалыматты даярдаган: №14 И.Губкин атындагы орто мектебинин профкому Т. Кулназарова