Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кезектеги жолугушуу

2023-жылдын 10-январында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов менен КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ортосунда билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин айлык акысын жогорулатуу маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда А.Токтогулов агартуу тармагындагы жетекчилердин көйгөйүн айтуу менен бул маселени кыска мөөнөттө чечүү муктаждыгын белгиледи жана бул көйгөй өткөн жылдын апрель айынан бери профсоюз тарабынан белгиленип келе жаткандыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Билим беруу жана илим министри У.Мамбетакунов бул маселелерди чечүүдө КР Финансы министрлигинин "керектүү каржынын жетишсиздиги" - деген себептеринен улам маселе бүгүнкүгө чейин чечилбей келе жаткандыгын түшүндүрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында профсоюз жана тармактык министрлик жетекчилердин айлык акысын жогорулатуу боюнча иш-аракеттер тынымсыз улана тургандыгын макулдашышты жана А.Токтогулов маселени КР Финансы министрлиги менен дагы талкуулай тургандыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети