Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Идеяны жаратуу жана аны жүзөгө ашырууда - бирге өнүгөбүз!

Жаңы окуу жылынын башталышында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин жана окуу жайдын жетекчилиги менен биргелешип уюштурган мамлететтик деңгээлде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбекович, Билим берүү жана илим министри, Кыргызстандын 30 жогорку окуу жайынын эмгек жамааты онлайн форматта катышкан бизнести колдоо жана өнүтүрүү борбору (бизнес-инкубатор) ачылган.

“Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат” – деп билдирген Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апаратынын жетекчиси Ислам Масабиров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаевдер катышышып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаш ишкерлерди колдоо борборунун  ачылышы менен куттуктап, шаардын өнүгүшүнө өбөлгө болуучу идеялар жаштар тарабынан сунушталып, ишке ашаарына ишеним көрсөтүү менен ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн айтышкан.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов бизнес-инкубатор 50 орунга ылайыкташтырылып, жаңы компьютерлер коюлуп, тиешелүү заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган кенен залда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жалпы областыбыздын дасыккан ишкерлеринен тарта, бизнес баштаймын деген бардык тургундарыбыз, орто жана жогорку окуу жайлардын, мектептердин кызматкерлери, жалпы интелегенция, студент жаштар, мектеп окуучулары  дээрик бардыгыбыз үчүн кызмат кылааарын баса белгилеп, борбордун ишине ийгиликтерди каалап жана иш чараны  жогорку деңгээлде уюштурган ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине,  уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирген.  

Азыркы учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бизнести колдоо жана өнүтүрүү борборун саясий илимдердин кандидиты Бекжан Алымкулов жетектеп, өз ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүүдө. Идеялардан реалдуулукка -  бирге өнүгөбүз!

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети