Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Алгачкы агартуучу, коомдук ишмер Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгын утурлай

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен ОшМУнун  ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде И.Арабаев атындагы КМУда «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өттү.

Форум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналды. Иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн КМУнун башкы корпусунун алдында өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлзада Билбаева, Маданият жана маалымат министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, ОшМУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров, Баткен мамлекеттик университетинин проректору Абиба Саматова баштаган өкүлдөр, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Мамлеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев жана КУУнун студенттери, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, КМУнун 1-проректору Айгүл Абдраева жана И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек ошондой эле окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын активист студенттери, студенттик уюмдардын, студенттик клубдардын лидерлери катышты.

Келген коноктор форумдун расмий ачылышында окуу жайдын алдындагы Ишеналы Арабаевдин эстелигине гүл коюшуп, студенттер даярдаган флешмобго күбө болушту. Форумдун алкагында студенттер “Мамлекеттик жаштар саясаты: жаңы көз караштар, мамилелер жана стратегиялар” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясына, спорттук жана маданий иш-чараларга катышты.

Тактап айтсак, ОшМУдан келген делегациянын курамында 32 студент бар. Студенттерге  ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан 66 000 миң сом акчалай каражат бөлүнүп берилди. Иш-чара КМУда 19-20-май күндөрү болду.

 

Маалыматты даярдаган: КМУнун кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Н.Догдурбек