Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты мугалими" аныкталды

2023-жылдын 6-апрелинде Аксы районундагы билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер  арасында «Жылдын мыкты тарбиячысы» жана «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо сынак райондук денгээлде өтүп, жалпысынан 8 тарбиячы, 8 мугалим катышты.

Калыстар тобу  жеңүүчүлөрдү аныктап, байгелүү орундарды ээлеген тарбиячы, мугалимдерге Аксы райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетинин кызматкери Н.Касымов