Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты мугалими-2023"

Баткен облусунда «Жылдын мыкты мугалими - 2023» кароо-сынагы жыйынтыкталды. Ага Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун директору Эркебаев Осмон Мажитович, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитетинин төрагасы Бөтөков Завиридин Насирович, БатМУнун проректору Үсөнов Муса Мурзапарович, тиешелүү жетекчилер, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

Иш-чараны Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун директору Осмон  Мажитович ачып, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Бул иш-чарага район-шаарларда өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү деп табылган 6 мугалим катышты.

Кароо-сынактын облустук туру II этап менен өткөрүлүп,биринчи этабы 16-май күнү Баткен шаарындагы А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинде  ачык сабактар өткөрүлдү. Экинчи этабы 17-май күнү БатМУнун жыйындар залында өткөрүлдү.  Жыйынтыгында Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Сулайманова Нургүл «Жылдын мыкты мугалими - 2023» деп табылып, I даражадагы диплом жана эки камералуу заманбап муздаткыч менен сыйланды. Ал эми “Педагогикалык дебют” Лейлек районунун Кыргызстандын 60 жылдыгы мектебинин кыргыз тили мугалими Тагаева Сапаргүл II даражадагы диплом жана бир көздүү чоң муздаткыч менен сыйланды.  “Эң мыктынын мыктысы” номинациясына Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин биология мугалими Касымова Севара III даражадагы диплом жана бир камералуу чоң муздаткыч менен сыйланды.  Калган катышуучуларга да дипломдор, түстүү сыналгылар жана төмөнкүдөй номинациялар ыйгарылды. “Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалим” номинациясына Баткен районунун Б.Нарматов атындагы орто мектебинин информатика мугалими Артыкбай кызы Жумагүл, “Изденгич чыгармачыл” номинациясына Кадамжай районунун “Өрүкзар” орто мектебинин тарых мугалими Туйгунбек кызы Нурзада, “Публиканын урматтоосуна арзыган” номинациясына Сүлүктү шаарынын В.И.Ленин №1 атындагы орто мектебинин мугалими Абдукаримова Альфина ээ болушту.

Баткен Мамлекеттик университети тарабынан да «Жылдын мыкты мугалими - 2023» кароо-сынагынын катышуучуларына дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Сынактын максаты: алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоо, мыкты педагогикалык ойлорду, идеяларды, табуу жана жайылтуу, мугалимдин усулдук чеберчилигин далилдөө, жылдын мыкты мугалимин аныктоо, мугалимдерде активдүү педагогикалык позицияны калыптандыруу жана мугалимдик иштин баалуулугун даңазалоо.

Аталган сынакта өрүкзарлуу аймактын алдыңкы мугалимдери заманбап сабак өтүү, кесиптик чеберчилик, чыгармачылык изденүү, билим берүүнүн жаңычыл усулдарын колдонуу боюнча өз ара күч сынашты.

Республикалык турга Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Сулайманова Нургүл жолдомо алды.

Ошондой эле, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитети тарабынан катышуучуларга  Жалал-Абад эс алуу курортторуна эс алууга акысыз жолдомолор бериле турган болду. Аталган кароо-сынак Баткен облустук усулдук борбору жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитети тарабынан каржыланып өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитети