Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2023»

2023-жылдын 10-12 апрель күндөрү Сүлүктү шаарында шаардык билим берүү бөлүмү жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин биргелешкен планынын негизинде шаардык жалпы билим берүүчү мекеме уюмдарынын мугалимдеринин арасында “Жылдын мыкты мугалими-2023” кароо-сынагы болуп өттү.

Сынакка жалпы 9 билим берүү мекемелеринин ичинен 8 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн башчысынын мммилдетин аткаруучу баш болгон билим берүү бөлүмүнүн усулкаана кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү  шаардык комитетинин төрагасы жана жалпы билим берүүчү мектептеринин алдыңкы мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.

Кароо сынактын жыйынтыктоо аземине шаардын ммэринин орун басары Б.И.Тагаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ммилдетин убактылуу аткаруучу Н.А.Ырысова, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү  шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана мугалимдери катышышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында бардык көрсөткүчтөр боюнча эң мыкты натыйжаларды көрсөткөн мугалимдер жеңүүчү болушту:

1-орунга - №1 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин тарых жана география мугалими Абдукаримова Альфина Алимжановна;

2-орунга - №9 Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын англис тили мугалаими Аширалиева Изатай Асановна;

3-орунга – И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин башталгыч класс мугалими ээлеп, билим берүү бөлүмүнүн дипломдору жана кесиптик бирлик комитетинин баалуу белектерине ээ болду.

Ал эми калган катышуучуларга кароо сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Грамоталар жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Ар бир 8 катышуучуга  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети тарабынан Ысык-Көлдө 5 күндүк эс алуу үчүн жолдонмолорго сертификат тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети