Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл тарбиячысы - 2023»

Кесиптик чыгармачылыкты  өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын райондук туру 2023-жылдын 16-май күнү Масы айылындагы №2 “Ак куу” балдар бакчасында болуп өттү.

Анда кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 7 бала бакчалардын тарбиячылары катышты. Иш-чарага Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Борбиева, адис Г.Андарова, усулчулар, бала бакчалардын директорлору, тарбиячылары катышты. Сынак сабак өтүү, өзүн тааныштыруу, мастер-класс жана суроо-жооп шарттары боюнча өткөрүлдү. Жыйынтыгында:

1-орун - №50 “Баластан” балдар бакчасынын тарбиячысы Болотбек кызы Жаркынай;

2-орун - №49 “Таштак” балдар бакчасынын тарбиячысы Абдумуталибова Айгүмүш Абдумуталибовна;

3-орун - №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын тарбиячысы Карабекова Айнура Сапархалиловна.

Ал эми Мавлянова Караматкан Момуновна (№20 “Тоо гүлү” б.б. тарбиячысы) “Мыкты мастер-класс”, Токсонова Эркайым Тойгонбаевна (№38 “Бүчүр” б.б. тарбиячысы)  “Мыкты сабак”, Усубалиева Акинай Бахадыржановна (№26 “Ак шоола” б.б. тарбиячысы) “Жаштыгы жана келечектүүлүгү”, Заирова Бермет Эмилбековна (№33 “Жоогазын” б.б. тарбиячысы) “Мыкты презентация” номинацияларына ээ болушту.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин алдындагы жаштар кеңешинин мүчөсү С.Маданбекова