Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жол кыймылынын жаш инспекторлору» кароо-сынагы өткөрүлдү

 

2014- жылдын 16- майында «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» аттуу Ысык-Көл областындагы мектептер аралык кароо- сынак өткөрүлдү. Кароо- сынакка областтын район, шаарларынан жеӊүүчү деп табылышкан 6 команда финалдык мелдешке катышышты.

Сынактын катышуучуларынын ортосунда курч таймаш болду. Калыстар тобу мыктылардын мыктыларын тандап, байгелүү орундарды ыйгарышты. Натыйжада

1- орунга Жети-Өгүз районунун Шевченко атындагы орто мектебинин «Дорожные воины» командасы татыктуу болду, 2-орунга Каракол шаарынын № 11 мектеп- гимназиясынын «Светофор» командасы, ал эми 3-орунга Каракол шаарындагы №4 мектеп гимназиясынын «Айкөл Манас» жана Ак-Суу районундагы Искаков атындагы орто мектебинин «Луч» командалары ээ болушту.

Байгелүү орундарга ээ болгон командалар Ысык-Көл областык билим берүү институтунун жана Ички иштер башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы бөлүмүнүн Дипломдору менен сыйланышты. Ал эми Тоӊ районунун Пушкин атындагы орто мектебинин «Ак-Кула» командасы , Түп районунун Кайкин атындагы орто мектебинин «Бэмс» командалары жигердүү катышкандыктары үчүн Ардак грамоталар менен сыйланышты. 1-орунга «караоке», 2- жана 3- орунга DVD апараттарын , спорттук шаймандарды областык МАИнин башчысынын милдетин аткаруучу, милициянын майору Исраилов Азамат Бакирович тапшырды.

1- орунга ээ болгон Жети -Өгүз районунун Шевченко атындагы орто мектебинин командасы Республикалык кароо-сыныкка катышууга жолдомо алышты. Сынактын жүрүшүндө мектеп окуучулары жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшы биле тургандыктарын көрсөтө алышты.

                                           Э.Садабаев, Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы.