Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жети-Өгүз районунда семинар болуп өттү

2023-жылдын 17-майында Жети-Ѳгүз районундагы Э.Гапаров атындагы орто мектебинде жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери үчүн «Жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иштерин уюштуруу» аталышындагы семинар болуп ѳттү.

Семинарга Ысык-Кѳл областтык кесиптик бирлик кеңешинин тѳрагасы К.Алымбаев, Тоң райондук кесиптик бирлик комитетинин тѳрагасы Муратбек уулу Назар, Жети-Ѳгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы М.Асанкожоев катышышты.

Семинардын жүрүшүндѳ Билим жана илим кызматкерлеринин Жети-Ѳгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин тѳрагасы Ѳ.Молдокматов «Жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иштерин уюштуруу» деген темада маалымат менен тааныштырды.

Кесиптик бирлик уюмунун иштеринин багыттары жана азыркы учурда аткарылып жаткан иштер боюнча Ысык-Кѳл областтык кесиптик бирлик кеңешинин тѳрагасы К.Алымбаев маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле Э.Гапаров атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун тѳрайымы Г.Исраилова «Кесиптик бирлик-бирдиктүү күч» деген темада мектептеги кесиптик бирлик уюмунун жүргүзүп жаткан иштери жана тажрыйба алмашуу максатында иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча презентация аркылуу маалымат берди.

Семинардын соңунда райондук кесиптик бирлик комитетинин ишинде жигердүүлүгүн кѳрсѳткѳн кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилерине Ысык-Кѳл областтык кесиптик бирлик Кеңешинин сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитети