Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жазгы эс алуу

2023-жылдын 7-9-май күндөрү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы  райондук комитети тарабынан №29 Б.Айтматов жалпы орто билим берүү мектебинин  мугалимдери  үчүн Ташкент жана Самарканд шаарларына саякат тартууланды.

Мугалимдер Самаркандда Орто Азиядагы Түрк архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири болгон “Регистан” аянты, Кусеим бин Аббастын сөөгү көмүлгөн “Шахи-Зинда” комплекси, ”Биби Ханум” медресеси жана Хазрет Хызыр мечити сымал болгон бир катар тарыхый маданий жайларга күбө болуп кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети