Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жазгы экскурсия

2023-жылдын 7-9-апрелинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Чаткал райондук  комитетинин демилгеси менен мектептердин,  мектепке  чейинки  билим берүү  мекемелеринин  жетекчилери жана мугалимдери  Өзбекстандын  борбору Ташкент шаарында экскурсияга барышты.

Билим берүү кызматкерлери Ташкент шаарынын кооз жерлери менен таанышып, пайдалуу маалыматтарды  алышты. Экскурсиялык  эс  алуулардын  жол каражаттары  райондук кесиптик бирликтин бюджетинен  каржыланды.

Мыкты эс  алууларды  уюштурган  Чаткал  райондук кесиптик бирлигинин  төрагасы  Ы.Кудайбердиевке  ыраазычылыктарын  билдиришип,  кесиптик  бирликтин   ишмердүүлүгүнө  ийгиликтерди   каалашты.