Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жаӊы багытка» ак жол!

 

           2014-жылдын   26- февралында  Момбеков  айыл  аймагындагы   №16  Ж. Турусбеков  атындагы  орто мектебинин  чогулуштар  залында  Билим,  илим  профсоюзунун  Ноокен райондук  комитетинин    5-Пленуму  өткөрүлүп, анда  төмөнкү  маселелер  каралды:

  1.  Билим,  илим  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин  5-съездинин  чечимдерин  турмушка  ашырууда  Ноокен  райондук  комитети  тарабынын  2013-жылда  аткарылган  иштер жана  алдындагы  милдеттер жөнүндө.
  2. Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясы,   Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмү, Билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Ноокен  райондук  комитети  ортосунда 2014-2016-жылдар  үчүн  тузулгон  Макулдашууну  бекитуу  жөнүндө.
  3. Уюштуруу  маселелери.

             Пленумдун ишине  райондук  комитетин  мүчөлөрүнөн тышкары  мектептердин,  бакчалардын,  мектептен  тышкаркы  мекемелердин  директорлору катышты.   Пленумда чыгып  сүйлөгөн  10 профсоюздук  активдер мүчөлөрдүн  социалдык-экономикалык,   укуктук  жактан  кооргоодогу иштерине,  эмгектти  баалоону уюштуруудагы  демилгелерине,   социалдык  өнөктөштөр:  райадминистрация ,райондук  билим  берүү  бөлүмү,   жергиликтуу кеӊештин  депутаттары  жана  өкмөттөрү  менен   биргелешкен  аракеттерине калыс  бааларын билдиришти. Пленум  күн тартибиндеги  маселелер  боюнча  токтомдорду  кабыл  алды.

          Пленумдан кийин 15 ардагергерге «Билим  берүүнүн   ардагери»  төш  белгилери тапшырылып, пленум катышуучулары  үчүн 23-февраль  «Ата  Мекенди  коргоочуларынын  күнү»  жана  8-март   Аялдардын майрамдарына  карата азем  уюштурулду. Ардагерлер билим  берүү  тармагына,  профсоюздук  уюмдардын  иштерине  ийгиликтер жана Кыргызстан  Профсоюздар    Федерациясынын    «Жаӊы  багыт»  журналына  ак   жол каалашып,  ак баталарын  беришти.

 

 

 

Ноокен райондук билим

берүү бөлүмүнүн адиси,

“Жаш педагогдор” бирикмесинин жетекчиси

Уметов Улан.