Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы актовый залдын ачылышы

                2015-жылдын 16-март  күнү  Ноокен  районунун  № 23 Ж.Жунусалиев  атындагы  орто  мектебинде   жаӊы актовый залдын имаратынын  ачылыш  аземи  болуп  өттү. Анда  райондук  администрациянын  башчысы  аким – А.К.Осмонов, башчынын  орун  басары  Н.А.Бекжигитова, айыл  өкмөт  башчысы  Д.Төрөканов, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Б.С.Козуев    жана билим, илим  профсоюзунун  райондук  комитетинин  төрагасы  А.Ч.Айдаров, өнүктүрүү  саяcаты  институтунун  өкүлү - Жалал-Абад  облустук  кoординатору  К.Эргешов, жергиликтүү өзү-өзү башкаруу  мамлекеттик агенттиктин  өкүлү  Шатманбетов  Сатбалды, айылдын аксакалдары, айылдык кеӊештин депутаттары, мектептердин директорлору катышып, куттукташып белектерин тапшырышты.

         Ачылыш  аземинде  окуучулар  өз  ырлары  жана  бийлери менен  ачылыш  аземине  өзүнчө   бир  көрк  кошушту.  Районубуздун  башчысы - аким  Осмонов  Абдырахман  Кубатович  мектептин  актовый  залынын  стулдары үчүн  25  000  сом акча  берип, мебелдер  менен толук камсыздоосун билдирди.

          Актовый зал  айыл  тургундарынан  чогулган   нак  акча – 293070 сом, Момбеков  айыл  өкмөтү тарабынан – 560000 сом, демөөрчүлөрдүн  нак  акча  түрүндө  кошкон  салымы -74 500 сом, жалпы накталай  акча – 927 570 сом, демөөрчүлөрдүн  материал  түрүндө  кошкон  акча  салымы -143500 сом, Өнүктүрүү саясат  институтунан – 1 000 000 сом  бардыгы 2млн 734миӊ 140 сом сарпталып пайдаланууга берилди. Мугалимдер жана окуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн кубанышып, ыраазычыктарын билдиришти.

 

Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  пресс-катчысы:  Барно  Абдурахманова.