Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда “Жаш профсоюздук лидер-2014” кароосунун жеңүүчүсү аныкталды.

 

                        Кыргыз   Республикасынын  Билим, илим   профсоюзунун  Борбордук  Комитети  тарабынан  “2014-жыл  -профсоюздук  ишмердүүлүктө инновациялардын  жана  жаштардын  жылы”  деп  жарыяланып   жаш  профсоюздук  лидердерди  тарбиялоо,   алардын  ишмердүүлүгүн өркүндөтүү багытында иштерди уюштуруу   милдеттери  коюлуп, Кыргызстан  Профсоюздарынын Федерациясы  тарабынан  “Жаш  профсоюздук  лидер-2014” республикалык  кароосу  жарыяланган.    Аталган  кароонун Ноокен  райондук этабы  2014-жылдын  8-10-октябрь күндөрү  өткөрүлүп,  анда   9 баштапкы  профсоюздук  уюмдун   35  жашка  чейинки  төрагалары  катышты.

                 Жыйынтыгында  1-орунду  №34  “Жазгак”   орто  мектебинин профсоюздук  уюму   жана  төрайымы  Халматова  Майрам  Тойчубаевна, 2-орунду   №26  Т.  Анаркулов  атындагы орто  мектебинин  профсоюздук  уюму жана  төрайымы    Тургунова   Нурийла,  3-орунду

 №9 “Байчечекей ”   бакчасынын   профсоюздук  уюму  жана   төрайымы   Исмаилова   Жыпар ээлешип  жеңүүчүлөр болушту. №34  “Жазгак”   орто  мектебинин профсоюздук  уюму   жана  төрайымы  Халматова  Майрам  Тойчубаевна   кароонун  облустук  туруна  катышуу  укугун  алды.  Жыйынтык  боюнча  сыйлоолор  19-октябрь-  социалдык  коргоо  жана  профсоюздар  күнү  майрамына  карата  өткөрүү  пландаштырылган.

№16-Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин кесиптик  уюмунун торайымы  Тагаева  Нургул