Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профкомдордун семинар-экскурсиясы

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин иш планына ылайык 2023-жылдын 26-майында жаш профкомдор үчүн семинар-экскурсия уюштурулду.

Семинардын биринчи бөлүгүндө катышуучулар райондогу Ш.Токсонов атындагы орто мектебинде болушуп, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш тажрыйбасы менен  таанышышты. Мектептин профкому Т.Тулабаева уюмдун пландары, иш кагаздарынын номенклатурасы, кесиптик бирлик мүчөлөрүн эсепке алуу, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жана алардын балдарынын эс алууларын уюштуруу боюнча маалымат берди. Семинар суроо-жооптор менен жыйынтыкталды. Жаш профкомдор үчүн бул семинар өтө пайдалуу иш-чара болду. Жолугушуу профкомдун кабинетинде өттү.

Семинардын экинчи бөлүгү Кадамжай районунун Гавян эс алуу борборунда улантылды. Катышуучулар кооз табият менен таанышып, көңүлдүү эс алышты. Семинарга  18  баштапкы уюмдун төрагалары (төрайымдары) катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитетинин  адиси Абдилазиз кызы  Айназ