Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш балдар көңүлдүү эс алышууда!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин “Жайкы эс алуу-2023” иш-чараларынын алкагында кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн балдары үчүн комитеттин төрайымы М.Маткаримованын уюштуруусу боюнча “Арстанбап-Ата” эс алуу борборунун жетекчилиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеңилдетилген баада кошумча жети балага жолдомо алынып, тармаактык профсоюздун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан он тогуз балага жолдомо бөлүнүп берилип, жалпысынан жыйырма алты бала “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборунда көңүлдүү эс алышууда. Эс алуу борборунда балдардын эс алуусу үчүн зарыл шарттар каралып, эс алуу программасы кызыктуу түзүлүп, даамдуу тамак-аш менен камсыз болгондугун ата-энелер баса белгилешип, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети