Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаратылыш жан досум

Кемин районунун № 3 орто  мектебинин базасында Кемин балдар  жана  өспүрүмдөр  борборунун жетекчилигинин  демилгеси  менен  окуучу балдар  арасында" Жаратылыш жан  досум" кароо  сынаагы  болуп  өтту. Сынакка Кемин  рпйонунун билим  берүү  бөлүмүнүн  башкы  адиси А.Түлөбаева,Билим  кызматкерлер  профсоюзунун төрайымы А.Чылабаева, Балдар  жана өспүрүмдөр борборунун жетекчиси Н.Көпжашарова,  борбордун окуу  тарбия  иштер  боюнча директордун  орун  басары  Ж.Чыбылдиева катышышты. Кароо  сынакты Балдар  жана  өспүрүмдөр  борборунун  Манас  жаштары  комитетнин координатору Анархан Кайыпова  ачып    балдарга жаратылышты коргоо  жана  ага  камкор  мамиле  түзүүнү   белгилеп  кароо  сынакты  ачты. Залдын  ичи   балдардын  демилгеси  менен чыгарылган жаратылыш  жөнүндөгү газеталар менен  кооздолгон.Окуучулардын көпчүлүгү ар  кандай  түрдөгү жалбырактар,гүлдөр,арчалар  менен  кооздолгон кийимдерди  кийишкен. Кароо  сынакта балдардын акыл  таймашы,жаратылыш  жөнүндөгу  көркөм  окуу, жаратылыш  жөнүндөгү жеке  номердеги  ырлар  аткарылды.
Конкурстун  акырында кароо  сынактын  жыйынтыгы  чыгарылып 1-орунга Кемин  № 1  орто  мектеби, 2-орунга Кемин № 3 орто  мектеби ,3-орунга Кемин № 2 орто  мектебинин  окуучулары  татыктуу  болушту. Сынактын  акырында  Балдар  жана  өспүрүмдөр  борбору  тарабынан  Сыйлык  баракчалары  жана  белектер  тапшырылды. Билим  кызматкерлер профсоюзунун Кемин  райондук  комитетинин  төрайымы  Сынакты  уюштурган  балдар  жана  өспүрүмдөр борборунун эмгек  жамаатынынн  иштерине  ийгилик  каалап.ушундай  кароо  сынактар  райондо  көп  болушун айтты.


Эмгек жарчысы  газетасынын кабарчысы К.Абдылдаева.