Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаратылыш койнунда эс алуу

Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы мектебинин кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү үчүн жайкы эс алуу уюштурулду. 2023-жылдын 3-июнунда жалпы мектептин жамааты Аксы районундагы жаратылышы эң кооз Падыша-Атага барып эс алып келишти. Бир жыл ичинде иш менен алек болуп, эс алууга убакыт таппаган мугалимдердин эс алуусуна эми убакыт келди. Бул иш-чара райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланып, жакшы колдоого алынды. Кесиптик бирлик мүчөлөрү арасында ар кандай спорттук оюндар, маданий программалар өткөрүлдү. Асман тиреген карагайлар, шаркырап аккан суулар, көздүн жоосун алган кооз гүлдөр, таза абага ким да болбосун суктанат. Мындай эс алууну уюштурган кесиптик бирлик уюмуна мектеп жетекчилиги жана мугалимдер ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы мектебинин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Тотоева