Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУнун профсоюздук уюму ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө

 

Профсоюз—бул профсоюз мүчөлөрүнүн ой-пикирин, кызыкчылыктарын көйгөйлөрүн иш берүүчүгө жеткирүүчү үнү!!

       ЖАМУ- жаӊы типтеги тарыхий университет. Өзгөчө тагдырга, тарыхка ээ Жалал-Абад мамлекеттик университети КРнын Президентинин №101 Указы менен 1993-жылы 2-апрелде түзүлгөн. 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №197 токтомунун жана билим берүү министрлигинин 15-майдагы №163/1 буйругунун негизинде университет болуп уюшулган.

 

1993-жылы ЖАМУда эмгектенип жаткан коллективдин ар бир мүчөсүнүн социалдык-экономикалык, эмгектик укуктарын жана алардын кызыкчылыктарын коргоо, ден соолугун чыңдоо, эс алуусун уюштуруу менен демократиялык принциптерди өнүктүрүү максатында бардык бөлүмдөрдө жана факультеттерде профсоюздук баштапкы уюмдар түзүлүп,  делегирлөө жолу менен I конференция өткөзүлүп, ЖАМУнун профсоюз комитетинин  төрагасы болуп Т.Эшкожоев шайланып, профкомдун ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ЖАМУнун профсоюзунун 2001-жылдагы отчеттук-шайлоо конференциясында  комитеттин  төрагасы болуп   К. А. Айдаркулов шайланып, 2004-жылга чейин иштеди. 2004-жылы жана 2009-жылы  өткөзүлгөн отчеттук-шайлоо  конференцияларында ЖАМУнун кесиптик кошундар комитетинин төрагасы болуп  КРнын билим берүүсүнүн  отличниги К.Б. Болотбаев шайланып , иш алып барды.

Ал эми 2014-жылдын 27-февралынан бери ЖАМУнун профкомунун президиумунун токтомунун негизинде, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы К.С.Мурзакматовдун  буйругу менен  ЖАМУнун профкомунун президиумунун мщчөсщ Н.Д.Баитова төраганын милдетин аткарып келүүдө.

Жалал-Абад мамлекеттик университети-республикадагы эң ири окуу жайлардын бири. Университетте  он үч жарым миңден ашуун студент окуп, адистерди даярдоо  27 багытта 42 адистик боюнча жүргүзүлүүдө.400дөн ашуун профессор-окутуучулар курамынын он тогузу илимдин доктору, жыйырма бири профессор, 124ү илимдин кандидаты, доценттер. Учурда 120 аспирант, 14 докторант жана 50гө жакын илим изилдөөчүлөр педагогикалык ишмердүүлүктөрүн илимий иштер менен айкалыштырып эмгектенишет. ЖАМУ административдик башкаруу, окууга көмөк көрсөтүүчү, техникалы-чарба кызматкерлери менен бирге жалпысынан  1200дөн ашык кызматкерди жумуш менен камсыз кылат. Мына ушундай жамаат ЖАМУнун профсоюзуна биргип, эки тараптуу келишимдин негизинде үзүрлүү эмгектенүүдө.

  ЖАМУнун профкому беш факультеттин, эки колледждин, административдик-башкаруу кызматкерлеринин, кенже көмөк көрсөтүүчү кызматкерлердин, беш аймактык окуу жайлардын жана студенттик профсоюз уюмдарынын профкомдорунун төрага жана төрайымдарынан, казыначы жана төрага  болуп  17 профсоюз мүчөсүнөн түзүлүп ,атайын   багыттагы үч комиссиялык топторго бириктирилген. Жалпы профсоюз мүчөлөрүнүн саны 1204, алардын 1234 бюджеттик негизде окуган студенттер.Ал эми келишимдик негизде окуган студенттрди профсоюзга мүчөлүккө тартуу маселеси эки тараптуу келишимге киргизилип студенттердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Профсоюз комитети, анын бөлүмдөрү  түзүлгөн иш пландарынын, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлиринин профсоюзунун областтык, Борбордук комитеттеринин президиумдарынын жана пленумдарынын чечимдеринин, көрсөтмөлөрүнүн негизинде профсоюз мүчөлөрүнүн укуктук, социалдык жактан корголуусуна, материалдык жардам алышына, ден соолугун чыъдоого, эс алууларын уюштурууга, суроо- талаптарын, муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иштерин демократиялык принциптерге таянуу менен  жүргүзүп келишүүдө.

              ЖАМУнун ректораты (ректор, саясий илимдердин доктору А.Б.Абдрашев) тарабынан эки тараптуу келишимдин бардык пункттарынын  аткарылышына жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, учурдун талабына шайкеш келе тургандай материалдык-техникалык база, маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүк окуу-усулдук  көрсөтмөлүү жагдай түзүлгөн. Ошондой эле, Абдрашев Акунжан Баказович, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун мүчөсү катары ЖАМУнун профкомунун иш аракеттерине  жакындан жардам берип, колдоо көрсөтүп турат,  Жалал-Абад областтык комитетинин президиумунун  2013-жылдын 25-январында  № 1/9  токтому менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  «Студенттик профилакториясы» түзүлүп, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы тарабынан каржыланып, апрель айынан баштап иштеп, 250 студент, ал эми 2014-15-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында 250 студент жалпы 500 студент ден соолугун чыңдашты. 

    ЖАМУнун профкому маданий-массалык, дене тарбия жана спорттук иш чаралардын, «Даанышман», «Талыкпай билим алабыз, кош жылдыз болуп жанабыз», ж.б. түрдүү конкурстардын уюштурулуп өткөрүлүшүнө  көмөктөшүү менен каржылык колдоо көрсөтүп келет. Профсоюз мүчөлөрүнүн  курорттук эс алууларын, 14 жашка чейинки балдары үчүн «Зорька», «Арууке» ж.б. эс алуу борборлорунда жолдомо менен камсыз кылды. «Сары-Челек», «Арстанбап», «Кара-Алма» ж.б. жерлерге жамааттык экскурсияларды уюштурууга, «Жалал-Абад» санаториясынан жеъилдетилген курстук даарылануу жана арзандатылган баада жолдомолорду келишим боюнча алып берүүгө, муктаждыгына жараша материалдык жардам көрсөтүүгө жетишти.

      Профсоюз лидерлерин сыйлоо жакшы жолго коюлууда. Бул багытта Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитеттери жакындан колдоп, “Ардак Грамоталары”, баалуу сыйлыктар менен сыйлап, демөөрчүлүк көрсөтүп турат.Жаштарды профсоюздук ишмердүүлүккө тартуу максатында областтык комитеттин көчмө пленумдарына, атайын окуу-семинарлага катыштыруу менен каржылык чыгымдары колго алынган.

ЖАМУнун профкомунун төрагасынын м.а                Н.Д.Баитова