Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУда майрамдык маанай уланууда!

ЖАМУнун чоӊ жыйындар залында 2015-жылдын 7-май күнү Улуу жеӊиштин 70 жылдыгына карата  “Улуу жеӊишти даӊктайлы” деген аталышта республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияны ЖАМУнун ректору саясий илимдердин доктору, профессор Акунжан Баказович Абдрашев ачып, ага КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жалал-Абад шаардык мериясынын аппаратынын  өкүлдөрү ж.б. коноктор катышты. Илимий-практикалык конференцияда “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдырында”,  “Улуу Ата Мекендик согуш жылдырындагы кыргыз жоокерлеринин эрдиги”, “Согуш мезгилиндеги кыргыз поэзиясынын мазмундук жана формалык өзгөчөлүктөрү” жана “Адамдын эмоционалдык абалы жана анын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн туюндурулушу (“Майдан” романынын мисалында)” аттуу аталыштарда илимий баяндамалар окулду. Конференциянын соӊунда филология факультетинин “Журналистика жана мамлекеттик тил” кафедрасынын жана ЖАКтын студенттери тарабынан даярдалган “Улуу жеӊишти даӊктайлы” деген музыкалык инсценировка коюлуп, жыйынтыгында мыкты баяндамалар Ардак Грамоталар менен сыйланышты.

Ал эми 8-май күнү Улуу жеӊиштин 70 жылдыгына карата ЖАМУнун жалпы студенттеринин катышуусу менен жеӊил атлетика боюнча кросс болуп өттү. Кроско катышкан студенттер Спутник кичи шаарчасынан шаардын борбордук аянтына чейинки аралыкты басып өтүштү. Маарага алдынкылардан болуп келген студенттер I, II, III  даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Жыйынтыгында байгелүү орундарды көп ээлегендиги боюнча Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин студенттери 1-орунду, Жалал-Абад колледжинин студенттери 2-орунду, Гуманитардык экономикалык факультетинин студенттери 3-орунду ээледи. Дипломдор  жана факультеттердин кубокторун ЖАМУнун ректору,  профессор Акунжан Баказович Абдрашев тапшырды.