Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУ- жаркын келечекке жетелеген жарык жол!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  2015-жылдын 13-май күнү ачык эшик болуп өттү. Ачык эшик ЖАМУдагы адистиктер, окуу үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын жетишкендиктери менен тааныштыруу жана окуучуларга келечектеги адистигин тандоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. Мында Жалал-Абад областына караштуу район, шаарлардан келген орто мектептердин окуучулары жана ата-энелер катышышты. Келген коноктор ЖАМУдагы бардык факультеттер жана факультеттерде камтылган адистиктер, китеп каналар, окуу залдары, спорт залдары, ашкана, жатаканалары менен таанышып чыгышты. Жыйынтыгында келген коноктор Жалал-Абад мамлекеттик университети аларга аябай жаккандыгын, келечек жолун ушул жерден баштаарын жана  өздөрү каалаган адистиктерди тандашкандыгын билдиришти.