Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаардык комитетинин III Пленуму

      Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин  III Пленуму болуп өттү.

       Пленумда  шаардык комитет 2014-жылда билим берүү кызматкерлеринин социалдык, иштерин, алдыда аткара турган милдеттерин белгилеп, келечек максаттарын аныктады.

       Билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин социалдык-экономикалык  жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо, инновациялык усулдарды колдонуу жана БКнын 4-Пленумунун (Ош шаары 18.09.2014-ж) токтомдорун турмушка ашырууда шаардык комитеттин, баштапкы уюмдардын милдеттери жөнүндөгү күн тартибиндеги маселе боюнча шаардык комитеттин төрайымы З.Тургунбаева кеӊири сөз с йлөп,баштапкы уюмдар тарабынан түзүлгөн жамааттык келишимдердин мазмунуна өзгөчө көӊүл буруп, изденүү, инновациялык формаларга, айрыкча жаштар менен иштөөгө  өзгөчө басым жасалып жаткандыгына токтолду.

       Ошону менен бирге  КРнын “Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк”, “Билим берүү”, “Мугалимдин статусу” мыйзамдарын ишке ашырууда Жалал-Абад шаардык мэриясы, билим берүү бөлүмү, профсоюздун шаардык комитети тарабынан түзүлгөн  үч тараптуу макулдашуулардын талаптарын аткаруудагы жетишкен бир катар ийгиликтер, мугалимдердин коомдогу кадыр-баркын көтөрүү, материалдык жактан колдоо, эмгек өргүү мезгилинде  коллективдүү эс алдыруу, ден соолуктарын чыӊдоо жана жашоонун сергек жагдайына үндөө максатында жасалган иштерди  баса белгиледи. Күн тартибиндеги маселе боюнча С.Давлетов атындагы №14 мектеп-лицейинин, №8 орто мектебинин жана №7 балдар бакчасынын баштапкы уюмунун төрайымдары сөз алышып, өз жамааттарындагы үлгүлүү иштери жетишкен ийгиликтерине кеӊири токтолуп өттү.


      Пленумдун аягында  профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган “Жаштар жана профсоюздук  ишмердиктеги инновациялар жылы” кароо-сынагынын облустук турунда 1-орунду  ээлегендиги үчүн жана 2014-жылы билим берүү кызматкерлеринин социалдык – экономикалык, укуктук  кызыкчылыктарын коргоодо жыл ичинде жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар баштапкы уюмдун төрайымдары 1-2-3- Даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар, ошону менен катар Алкыш баракчалары менен сыйланды.

 

 

 

Профсоюздун шаардык комитетинин

төрайымы :                                                                                 З.Тургунбаева