Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин V профсоюздук конференциясы

2015-жылдын 11-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин V профсоюздук конференциясы болуп өттү. Анда беш маселе каралды. Окуу жайдын профсоюздук комитетинин 2009-2014-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету угулду. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөшкөн делегаттардын көпчүлүгү профкомдун отчеттук мезгилдеги жүргүзгөн иштерин «канааттандырарлык» деп табышты.


         Кезек университеттин профкомунун жетекчисин шайлоого келип, делегаттар эки талапкерди сунушташты.

        Добуш берүү жашыруун формада өткөрүлсүн деп табылып, бюллетенге эки талапкер киргизилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көбүрөөк добушка ээ болгон Болотбеков Кубаныч Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профкомунун төрагасы болуп шайланды.

       Конференцияда делегаттар аткарылуучу иштер боюнча кеңири токтом кабыл алышты. өрагасы

      Отчеттук-шайлоо конференциясына Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасы, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы педогогикалык илимдеринин кондидаты Токтогулов Асылбек Токтогулович, Жалал-Абад областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы З.Жусумаматов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы К.Мурзакматов, университеттин ректору Абдрашев Акунжан Баказович жана тармактык профсоюздун Аксы, Кара-Көл, Жалал-Абад райшааркомдорунан өкүлдөр катышышты.    

       Токтогулов А.Т. конференциянын аягында азыркы мезгилде профсоюздардын алдында турган милдеттер жөнүндө кеңири сөз сүйлөдү.